Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:05

СУУ БАШЫНДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДА СУУ ЖЕТПЕЙ, ЭГИН ТАЛААЛАР КУРГАП ЖАТАТ


Облустун Атабеков айыл өкмөтүнүн жашоочулары эки аптадан бери суу сурап айыл өкмөткө келишүүдө. Айыл тургундарынын айтымында 10 күндөн бери суу болбогондуктан эгиндерден түшүм алалбай калуу коркунучу бар.

Айыл-кыштак тургундары эки жумадан бери суу сурап айыл өкмөткө жана суу пайдалануучулар мекемесине келишүүдө. Кыргызабат айлынын жашоочусу Раимкул Кадыркуловдун айтымында суу бөлүштүрүүчү жай оңдолот, анан суу берилет дегенден бери он күн өттү, бирок дагы эле суу жок:

- Каналды бөлүштүрүүчү жеринен ремонт болот, суу он күн жок болот деген, мына 20 күндөн ашык болду суу келбей атат. Эгиндер кургап атат. Буудайлар баш ала турган учурда сугарыш керек, суу жок. Элдин бардыгы суу бөлүштүрүүчү жерде ондон адамдар кетмендери менен отурушат. Элдин салыгынын эсебинен жашап, ошондон айлык алып аткандан кийин жеген нанын акташ керек да. Ушул бойдон кете турган болсо бары-жогу кургап калат.

Ара-чолодо келе калган сууну талашып, кишилер өз ара жаңжалдашып, эгин, жашылча-жемиштер куурай баштаганын Базарбай Ташматовдон уктук:

- Түндөсү уктабастан суу алып келебиз, ичкени ичип калат, ичпегени жок. Өзбекстандын суусунан иччүбүз, алар ал жерге мотор коюптур.

Айылдыктар мамлекеттен литрин 20 сом 50 тыйындан берилчү күйүүчү майдын келген-келбегенинен да кабарсыз. Талаа жумуштарына зарыл каражаттардын эпсиз кымбаттагандыгынан дыйкандардын мээнети акталбай калчудай. Айыл тургуну Абдрахман Жолчуев эки миң гектар жер суусуз калгандыгын айтты:

- Колунда жок үй-бүлөлөрдүн жерлери эгилбей турат. Солярканын жоктугунан бир гектар жер 7 миң сомго түшүп атат. 10 тоннасы таратылыптыр деп уктум. Алар кайда кеткенин эч ким билбейт. Пахталар чыгыптыр деп уктум. Суу жоктугунан пахта куурап калган. 2 миң гектар жер суусуз жатат.

Суу болбосо, дыйкандар суу акысын төлөбөй тургандыгын айыл өкмөттүн кызматкери Максуда Атажановага эскертишкен.

Нурказы Саитов карыя суу менен камсыз кылалбаган айыл өкмөткө келе берип, амалы куруду:

- Буудайыбыз биринчи суудан али чыга элек. Кандай тиричилик кылабыз билбейм.

Айыл өкмөттүн башчысы Улукбек Хажиматов күйүүчү май тракторчуларга бөлүнгөнүн, Өзбекстандан былтыркы 7 чарчы метр суунун тең жарымы келип жаткандыгын ырастады:

- Үч кубдан берип калды. Алар убада берип атышат биз лимиттен берүүгө аракет кылабыз деп. Булардын борбору Ферганада экен биздин жетекчилер барып келишти. Трактористтерге бердик элдин жерин арзан айдап бергиле деп.

Сузак районундагы Атабеков, Барпы, Ырыс, Сузак айыл өкмөттөрү эгин суусунун көп бөлүгүн Өзбекстандын Кемпирабат суу сактагычынан алат. Райондук сугат тармактар түйүнү коңшу өлкө 9 кубометр суу менен камсыз кылып жатканын кабарласа, облустук суу башкармасынын сапарда жүргөн жетекчиси Равшан Камчыбековдун билдиришинче Өзбекстан келишим боюнча он күндүккө бөлүнгөн 10-12 чарчы метр сууну берип жатат. Бирок Сузак району сугарган Көкарт дарыясынын суусу былтыркыдан үч эсе азайган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG