Каркыранын кайгысы калк оозунан жакында түшө турганы байкалбайт. Бул маселеге кайрылган “Агым”
гезити “Түп районундагы оппозицияга карата жасалган иштерди кандай баалайсыз?” деп белгилүү радиожурналист Султан Жумагуловго кайрылганда, ал, өтө жийиркеничтүү окуя болгонун, кыргыздар үчүн арданганын, муну ким уюштурса да кыргызда уят, сый-урмат, ыйык деген нерселер калбаганын, эң жаманы, бийлик өзүнөн кийин бийликке кимдер келсе ага да ушундай жасоого жол ачканын, бизди башкалар көрсө эмне деп ойлойт деген ойдун эчкимисинин башына келбегени-улуттук ар намыстын жоктугун көрсөткөнүн айткан. Эл жазуучусу Эрнис Турсунов “Түптүн жарымы Күрмөнтү, Кудургу, Шаты деген жерлерде бүт эле казактар жашайт. Алар 30-жылдары Каркыраны ашып, ачкачылыктан жер ооп, ушул жерлерге туруп калышкан. Жанагы теледен көрсөткөн бет-тытар катындар ошолор экенин беркилер билбей жатпайбы. Каркыранын 83 пайызы казакка кетип, бизге 17 пайызы эле калыптыр. Каркыра менен кошо Сары-Жаз, Чарын, Октогой, Челек, Каркыра деген суулар да казактарга кетти. Бизди бир жагынан Кытай империясы, экинчи жагынан Казак империясы жапырып келатат. Алдырган жерибизди кайра алалбай калдык го” деп каңырык түтөтсө, ушул эле гезит аркылуу көлдүк Чоюналы аксакалдын “Э балдар, кайсы Кудай урган эл өз жерин сатат. Силерди ташбараңга алып аткан түптүктөрдүн арасында кыргыз болуп калган казак көп. Алар тээ 30-жылы ачкачылыкта Каркыранын белин ашып, тентип келген боюнча отурукташып калган. Булар өз тилинде сүйлөгөндү да унутушкан. Көбү, казактарга Каркыраны кармата берген айыл-Санташтын тургундары. Булар ошон үчун кыргыздын жерине күйбөй, баары бир бооруна тартып “өз жерибиздин тагдырын өзүбүз чечебиз” деп жатпайбы деген сөзүн макаласына мисал тарткан автор Эгемберди Ажыбай, “Эгер Жер тагдыры, Мекен тагдыры бычактын мизинде турганда баш көтөрбөгөн Эл өзүнун талоонго калганына кайдыгер болсо, анда кыргызга деги эле сооп жок, башка айтарга сөз да жок” деп кортундулады.
ххххх
“Аалам” гезити Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун интервьюсун басты. К.Осмонов да Каркыра маселесине токтолуп, анын кыргыздын жери болгонун далилдеген документтер толтура экендигин, маселе шашылыш жана бир жактуу чечилгенин, бул кооптонууну туудурарын, мындай абал Түштүктө да көптүгун, маселен Өзбекстан менен 1000 гектардан, Тажикстан менен 500 гектардан ашуун чечилбеген жер “такташ” маселеси күтүп турганын айтып, оппозициянын ар кандай акцияларына тоскоолдук жасап, жумуртка менен аткылаткандык цивилдүү, маданиятуу көрүнүш эместигин, муну чектен ашкан жорук деп бааларын айтты. Экс-төрага андан ары Кыргызстан сотторунун жакында болуп өткөн 6-курултайы тууралуу пикирин билдирип, анда жаңылык катары эчнерсе айтылбаганын, чындыгында курултайдын өтүшү 1-класстын окуучуларынын деңгээлиндей деңгээлге болуп калганын, ал эми андагы соттордун айлыгын көтөрүү, базасын чыңдоо, сот департаментин Минюстан бөлүү дегендер учурунда өзү тарабынан демилгеге алынганын кошумчалады.
ххххх
“Жаңы ордо” гезити Кыргызстан дүйнөдөгү 92 эларалык уюмга мүчө экенин, өткөн жылы эле ушундай уюмдардан 50 миллион доллардын тегерегинде жардам алсак, учурда 73 наамдагы ушундай уюмдарга мүчөлүк акы төлөрүбүздү, азыр бул боюнча Кыргызстан 600 миллион сом карыз экенин алакандай кабарында маалымдап, “Кыргызстандын жаңы экономикалык өнүгүү моделин түзүү улуттук идеологиянын башаты” деген макаласында “Кыргызстандын азыркы жетишкендиктери үчүн мамлекетке, мамлекет башкаруучуларына ыраазычылык айтып, Кудайга миң мертебе шүгүр десек болот” деп жазды.
ххххх
“Биздин кыргыздар илгертен мал багуу боюнча алдына адам салдырбай келсе, эми ырасмий маалыматтарга ылайык жылына Кытайдан 2500 тоннага чейин эт алып келе баштадык. Азыр Бишкектин супермаркеттеринде сатылып жаткан тышы жалтырак, товардык көрүнүшү кооз эттер ошол кытайдыкы экени эчкимге жашыруун сыр деле болбой калды. Атүгүл картошка, сарымсак, алмаларынан бери Кытайдыкы” деп жазган “Жаңы кылым” гезити Т.Усубалиевдин учурунда Кыргызстан кант кызылчасын өндүрүү боюнча союзда алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуп, алтургай кант, кумшекерди тышка экспорттоп келгенибизди эске салып, ошол кант заводдору менчик колго өткөндөн баштап менчик ээлер каалаганын жасап, кытайдын кантына күнүбүз түшүп калганын, ал эми баш аягы 1 миллион 20 миң гектар сугат жерге ээлик кылган Кыргызстан болгону 5 млн. калкын, анын да 1 миллиондою сыртта жүргөнүнө карабай өзүн өзү азык-түлүк менен камсыз кылалбай калган бечара өлкөгө айланганын, чарбачыл иш жүргүзө албаган биздин бийликтегилерде уят деген дегеле жоктугун, жакындан бери кайра күпүлдөп, жеке чарбаларды ирилештиребиз, кооперативдерди түзөбүз дегендери да курулай “кампанейщинага” гана айланчудай болуп калганын баяндады.
ххххх
“Аалам” гезити аркылуу экономикалык бул маселеге андан ары сүңгүгөн белгилүү экономист Сапар Орозбаков “Коррупциянын тамырын кырка алабызбы?” деген макаласында, Азиянын түштүгүндө Сингапур деп аталган кичинекей өлкө барын, элинин саны 4,5 млн, нефтиси да, газы да жоктугун, бардыгын сырттан ташып аларын, бирок калкы бейиште жашагандай жашарын, анткени ал өлкөдө коррупция деген такыр жоктугун, мамлекет башчысы Ли Куандын айтымында коррупцияны жок кылуу анча деле кыйынчылыкка турбастыгын, анүчүн биринчиден, өлкөнүн биринчи адамы пара албашы керектигин, кристаллдай таза болушу зарылдыгын, экинчиден пара алгандарды таптакыр бийликке жолотпой, эгер бийликте иштеп жүруп пара алганы кармалса аны аеосуз соттош керек дегенин келтирген экономист С.Орозбаков мырза, “Мунун экинчисине караганда биринчиси өтө маанилүү, анткени өлкө башчысы таза болбосо анын тили эчкимге өтпөйт. Таза эмес президент эч качан коррупция менен күрөшө албайт. Ал эми биздин президенттер тазабы?” деп суроо коет. Өз суроосуна автор Акаев мисалын келтирет. Акаев убагында өзүнө такыр эле чаң жугузбаганын, гезиттер аялы менен балдары тууралу жазса, бирөөлөр жөн эле ак жерден күйгүзүп аткансып кызарып-татарып, актанып, баарын калпка чыгарып келгенин, сындагандарды куугунтукка алып, айрымдарын соттотконун, үйбүлөнүн байлыгын ачык жазуудан коркуп, анысын орус гезиттерден окуп калганыбызды, кийин Акаев кеткенден соң ал жөнүндөгү “ушак” делгендердин баары чын чыкканын, өзүнүн эле кеңешчиси Андреа Ослунд аттуу адам Акаевдин үйбүлөсүнүн байлыгы 1 миллиард долларга жетерин айтып чыкканын жазды. Макала ээси андан ары мына ошол Сингапурду башкарган адамда да президенттердикиндей эле ага-тууган, бала-чака дегендери барын, мисалы Ли Куандын эки уулу менен бир кызы АКШынын жогорку окуу жайларында мыкты билим алып өлкөсүнө кайтып келгенин, бирок бири да бизнеске же бийлик бутактарына аралашпай, карапайым калк иштеген катардагы мекемелерде эл алган айлыкты алып тынч гана иштеп келатышканын кеп кылып, а бизде үйбүлөлүк саясаттын Акаев таштап кеткен өңүтү менен кетүүдө дегендей жыйынтыктады.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ