Ирактын расмий өкүлдөрү маалымдагандай, премьер-министр Нури ал-Малики Иранга атайын делегация жөнөтүп, Ирандын бийлик өкүлдөрүнө шии согушкерлерин колдогонду токтоткула деп айтты. Ушул жылдын март айында Ирактын премьер-министри шии согушкерлерине, атап айтканда имам Муктада ас-Садрдын “Мехди” армиясына каршы чабуул жасоону баштаган. Ушуга чейин Кошмо Штаттар Иранды шиилерди куралдандырып, машыктырууда жана аларга акчалай көмөк көрсөтүүдө деп күнөөлөп келет. Бирок Иран бул шек саноолорду ар дайым четке кагат. Ал эми Ирактын полициясы кабарлагандай, кечээ Багдаддын борборундагы базарда эки жанкечтинин бомбалык чабуулунан 30 адам мерт кетип, 65 адам жаракат алган.