Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

ОЛИМПИАДА ОТУНУН КЫТАЙДАГЫ САПАРЫ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Гонконгдо Олимпиада --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/B2DEF3E8-153E-4ACE-AE0E-D6FF549B3699.asp отунун жүрүшү өттү. Дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып оңой эмес жолдорду баскан шамана эстафетасы ошентип Кытайдын өзүндө башталды. Маалыматтарга караганда, отту тосуп алууга кызыл-тазыл кийинген миңдеген адамдар катышты. Коопсуздукту үч миңге жакын полициячы көзөмөлдөп турду. Ал эми дүйнө коомчулугу расмий Бээжинди өлкөдөгү, анын ичинде Тибеттеги адам укуктарын жакшыртууну талап кылышууда.

8-августта Бээжинде башталчу Олимпиадага чейин от Кытайдын кеминде жүздөй шаарын аралайт жана шамана алып өтүү жөрөлгөсү буга чейин айрым өлкөлөрдө болгон тополоңдор менен дээрлик коштолбойт шекилдүү. Эстафета башталганга чейин кытай бийлиги кара тизмеге киргизген, Тибеттин эркиндигин колдоп нааразылык иш-чараларды өткөргөнү жаткан айрым активисттерди Гонконгко киргизбей койгону маалымдалган.

Судандын Дарфур аймагындагы акыбал боюнча Бээжиндин саясатына каршы чыгып келаткан 63 жаштагы актриса Мие Фэрроу Гонконгко келе алды, бирок анын айрым тарапкерлерин аба майдандан өткөрүшкөн жок. Фэрроунун айтымында, жергиликтүү полиция андан эстафета маалындагы сүйлөгөн сөзү башаламандыкты жаратпай тургандыгы боюнча алдын ала убадасын алган.

Кытай бийлиги буга чейин Тибеттеги массалык башаламандык үчүн отуз адамды жазалаган. Аларга ар кандай мөөнөттө абактык жаза чегерилген. Кээ бирлери өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген.

“Хьюман Райтс Уотч” (Human Rights Watch) эл аралык уюму тибеттик жарандарды соттоо жабык өтүп, ачык-айкындуулук болбой, эл аралык стандарттар дээрлик сакталбаганын айтып, бул соңку өкүмдөрдү айыптап чыккан.

Бийлик дагы элүүдөн ашык адамга соттук өкүм чыгаарын билдирди. Синхуа мамлекттик маалымат агенттиги сексенден ашык адамга издөө жаряланганын кабарлаган.

Кытай мамлекеттик маалымат каражаттары 10-мартта башталып, 14-мартта туу чокусуна жеткен Тибеттин баш калаасы Лхаса шаарында нааразылык чараларды уюштургандар арасында набыт болгондор тууралуу өкмөттүн алгачкы билдирүүсүн кабарлады. Өкмөттүн эсеби боюнча, он тогуз адам каза болгон. Тибеттик бозгундар Лхасадагы кагылышта кеминде эки жүздөй адам ажал тапканын ырасташууда.

Ал арада Олимпиадалык шамананы Гималай тоолоруна алып келип, дүйнөдөгү эң бийик Эверест, башкача айтканда Чжомолунга чокусуна алып чыгуу үчүн камылгалар толук көрүлүп бүткөнү кабарланууда. Бирок расмий Бээжин коопсуздук маселелеринен улам Олимпиада отун качан кайсы жол менен бул чокуга алып чыгарын катуу сыр катары сактоодо.

Кыргыстандык спорт коомчулугу болсо Бээжин олимпиадасына кызуу даярдык көрүп жаткан кез. Ушул күнгө чейин бери дегенде он үч кыргызстандык спортчу Олимпиадага жолдомо алды.

Сүрөт nrs.ru интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG