Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

БЕНЕДИКТ XVI ЖАНА ИРАНДАГЫ САЯСЫЙ ҮГҮТ


Амирбек Усманов, Прага 30-апрелде Римде Ватикандын даражалуу кызматкерлери менен Ирандын мусулман жетекчилеринин үч күндүк семинар-кездешүүсү аяктады. Ушул эле күнү коноктор менен Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Бенедикт XVIга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/30C9301C-81D8-411B-BCF7-406535922BF1.asp жолукту. Ватикан атайын билдирүүсүндө ирандык диниятчылардын Папа менен болгон кездешүүсүн учкай гана эскертти. Ал эми Иран тарап Папа Бенедикттин сыпайчылыгын өз кадыр баркын көтөрүп алууну көздөгөнүн Ватикандагы кездешүү боюнча Тегеранда жасалган ырасмий коммюнике көрсөттү.

Ирандан келген даражалуу диниятчылар менен Бенедикт XVIнын жупуну жолугушуусу боюнча Ватикандын өзү жана Иран тарап жасаган билдирүүлөрдө эки башка акцент жасалды.

«Фарда» радиосунун Римдеги кабарчысы, узактан бери Ватиканды изилдеп жүргөн Ахмад Рафаттын айтышынча, Тегеранда жасалган билдирүүнү окуган адамда Папа менен ирандык диниятчылар узак сүйлөштү деген пикир жаралат:

-Ирандыктардын коммюникесинде поп алар менен узак убакыт сүйлөштү деп белгиленет. Бирок поптун: «Куран үчүн ырахмат. Бул керемет китеп. Аны алганыма сүйүнөм» дегенден башка эч кандай сөзүнө шилтеме жасалбайт. Бул коммюникени окуган адамдар ирандык коноктор менен поп бир кыйла убакыт баарлашкан экен, поп аларга өтө маанилүү нерселерди айткан экен деп ойлошот. Бирок ал эмне айтканы жазылбайт. Билдирүүнүн соңунда гана поптун «Чоң ырахмат» деген сөзү келтирилет.

Мунун өзү, Ахмат Рафаттын боолгошунча, Иран тараптын Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы менен болгон кездешүүнү көбүртө жабыртып, эл арасында Ватикан Иранда болуп жаткан саясый жараяндарды колдойт дегендей пикир туудурууну каалаганын көрсөтөт:

-Иран биз жасап жаткан иштерди Ватиканда колдошот, биз менен Ватикан кызматташат деп айтканга муктаж. Бирок Ватикан аябай этият. Ватикандын ырасмий сайтында жарыяланган билдирүүдө поптун ирандык конокторго эмне сөз айтканы көрсөтүлгөн эмес.

Папа Бенедикт менен кездешкен ирандык диниятчылардын арасында президент Махмуд Ахмединежаддын кеңешчиси Мехти Мустафави да бар эле.

Ватиканда өткөн үч күндүк семинар-талкуу «Христиан жана Ислам дининдеги ишеним жана акыл-эс» деп аталды. Анын жыйынтыгы боюнча жасалган орток билдирүүдө «диний ишеним жана акыл-эс Кудайдын адамзатка берген белеги» экени, «Акыл-эс же дин зобун-зордук үчүн пайдаланылбасы», тилекке каршы, акыл-эс менен динди жамынып, адамдардын тынчтыгын бузуп, тополоң салуу көп учураганы белгиленет. Семинардын катышуучулары, ошондой эле, динди кан-тополоң иштерди актоо үчүн пайдаланууну айыпташты.

Келерки семинар 2010-жылы Тегеранда өтөт. Баса, Ватикан март айында 138 мусулман уламасынын өтүнүчүнө жооп кылып, Ислам менен кызматташуу боюнча атайын кеңсе ачкан.
XS
SM
MD
LG