Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

ОШТО ДАВАТЧЫЛАР ЖОЛДОН ЧЫГАТ


Мамлекеттик органдардын айтымында, соңку чакта өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө карай даватчылардын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/religion/ky/2008/04/E853ED12-A888-4498-980D-3CCF1FE47CF1.asp агымы күчөдү. Муну жөнгө салмайынча, акыбал курчуп кетиши ыктымал деген кооптонуу бар. Ошол эле учурда даватчылар арам ою жоктугун, аларды эч ким каржылабастыгын, болгону мусулманчылык парзды аркалап келе жатышкандыгын билдиришүүдө.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шакир Зулимов акыркы маалда даватчылардын Бишкек, Чүй, Нарын тараптан түштүктү карай агымы күчөгөндүгүн, буга өспүрүмдөрдүн да тартылып жаткандыгын кабатырлануу менен билдирди. Атүгүл жүздөгөн-миңдеген кишилерди кызыкдар күчтөр каржылашы да ыктымалдыгын айтты. Ошондуктан, өлкөдө даватчылыкты жөнгө салмайынча, анын акыры жакшылык менен бүтпөстүгүн мындайча түшүндүрдү:

- Даватка Чүйдөн, Бишкектен, Нарын жергесинен келип жатышат. 16 жаштагы балдар да келип жатышат. Буларга даватчылык кылуунун кереги жок. Андан тышкары алар Пакистан элинин кийген кийимдерин кийип келишет. Кечинде эшиктерди такылдатып даватка чыккыла, мечитке баргыла деп үгүттөшөт. Бул дават эмес. Аны өзүнчө бир системага салышыбыз керек.

Дин боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Осмоналиев жер-жерлердеги имам, молдолордун чабалдыгынан ушундай кыйчалыш кырдаал түзүлгөндүгүн жашырбайт. Бирок Өзбекстан, Казакстанга окшоп даватчылыкка тыюу салса эле маселе чечилип калаарына ишенбейт.

Даватты – ислам дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү катары эсептеп, Жогорку Кеңешке сунушталып жаткан «Дин жөнүндө» жаңы мыйзамдын долбоорунда анын орду ачык-айкын такталып, кыйла чектелгендигин маалымдайт. Ошондой эле бул жаатта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы дават бөлүмүн жандандырып, эл арасында туруктуу агартуу ишин алып баруусу зарылдыгын баса белгилейт.

- Ар бир айылда мечиттер бар. Ал мечиттин имамдары бар. Кээ бир деңгээли жогору имамдарга даватчылардын деле кереги жок. Казакстанда, Өзбекстанда даватчыларга тыюу салынган. Биздин жаңы мыйзамга ылайык даватчылар маселесин толугу менен тыйып коюуга биз барган жокпуз. Себеби, исламдын жалпы фундаменталдык түшүнүгү боюнча дават иши ислам рухунун, ислам дүйнөсүнүн органикалык ажырагыс түшүнүгү болуп эсептелет.

Даватчы Алишер Жусупов мамлекеттик орган өкүлдөрүнүн айрым дооматтары жүйөлүү экендигин ачыктады. Анткени менен аларды эч ким каржылабастыгын, эл арасына арам ойго барышпагандыгын, болгону чама-чаркына жараша мусулманчылык парзды аткарууга үгүттөө менен алектенишкендигин эске салды.

- Даватчылардын дарегине ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Даватка чыккан адам бирөөнү түзөйүн деген ниетте чыкпайт. Ар ким динде жашоо максатында өзүн оңдоого аракет кылат. Кемчиликтери да жок эмес. Албетте, кийим жагы жана билим жагына токтолушат. Бул бара-бара түзөлө турган нерселер. Бизди эч кандай чет элдик уюмдар каржылабайт. Бардыгы өзүнүн чама-чаркына жараша жүргүзүлөт. Башка бир уюмдарга кирип алып дават кылынбайт.
XS
SM
MD
LG