Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

АТАЙЫН ОЛИМПИАДА: ЕВРАЗИЯ ФУТБОЛ ЖУМАЛЫГЫ


Ар жыл сайын Евразия футбол жумалыгынын алкагында өлкөнүн “Атайын олимпиада” коомдук бирикмесинин демилгеси менен акыл эсинин өнүгүүсү кечеңдеген балдар арасында футбол мелдешин өткөрүү салтка айланып баратат. Мелдеш Бишкектеги "Көкжар" футбол борборунда өттү.

Акыл эсинин өнүгүүсү кечеңдеген балдар арасындагы футболдук мелдешке Бишкектеги 22, 30, 34-көмөкчү мектептердин, «Родничок», «Ювентус», «Оберег» сыяктуу калыбына келтирүүчү борборлордун, Жалалабат, Ош, Нарын жана Чүй облустарынын командалары катышты. Евразия футбол жумалыгынын алкагындагы мөрөй талашууда 25 команда жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша үч топко бөлүнүп, күч сынашты.

Бул футболдук мелдештин дагы бир өзгөчөлүгү - «Спорт биримдиги» программасына ылайык акыл эсинин өнүгүүсү кечеңдеген балдар менен дени сак өспүрүмдөр биргелешип ойноп, алардын дүйнө таануусун кеңейтүү.

350дөн ашуун жеткинчектин мелдешинин ачылыш аземинде Евразиялык Атайын олимпиада комитетинин улуттук өнүгүү программасынын директору Кшиштоф Криковски да катышып, мындай демилгени колдоого алаарын билдирди.

Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, “Ак жол” фракциясынан парламент депутаты Орзубек Назаров футбол жумалыгынын ачылышында акыл эсти өнүктүрүп, ден соолукту чыңдоо үчүн спорт менен машыгуу өтө пайдалуу экенин айтты:

-Келечек силерге жаштар таандык, ошондуктан ден соолугуңар чын жана сергелең болуусу үчүн спорт менен достошуп, машыккыла. Спорт көздөгөн максаттарга жетүүгө көмөк берет.

Атайын олимпиадалык оюндар былтыр Шанхайда болуп, анда Кыргызстандын командасы өлкө намсынын татыктуу коргоп келгенин дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов белгилеп, Шанхай атайын олимпиадасында мөрөй алышкан кыргызстандык өспүрүмдөр Максим Сахнов, Екатерина Губина, Екатерина Добровольская, Рустам Кадыров жана Анастасия Лучагинага акчалай сыйлыктарды тапшырып, спорттогу ийгиликтерди каалады.

Кыргызстанда атайын Олимпиада коомдук бирикмеси уюшулганына 5-6 жыл болсо да, эл аралык Атайын олимпиада комитетине мүчө болуу менен өлкөнү эл аралык, дүйнөлүк, Азиялык мелдештерде таанытууга үлгүрдү.

-Ар жыл сайын катарыбыз арбып, кулачыбыз жайылып, акыл эсинин өнүгүүсү кечеңдеген балдар арасында ондогон мелдештерди өткөрүп жатабыз. Учурда 6 минден ашуун улан-кыздар ден соолугун чындап, өзү теңдүү өспүрүмдөрдөн калышпай жылдан-жылга жылыштар, ийгиликтер болууда, - дейт өлкөнүн “Атайын олимпиада” коомдук бирикмесинин жетекчиси Канат Мамбеталиев.

Футболдук мелдештерден сырткары коомдук бирикмеде баскетбол, жеңил атлетика, стол тенниси, бадминтон, дзюдо, сууда сүзүү жана гимнастика ийримдеринде акыл эсинин өнүгүүсү кечеңдеген балдар машыгат. Мындан сырткары оор атлетика, боулинг жана кышкы спорт түрлөрү боюнча да спорт ийримдерин ачууну максат кылып жатышканын Канат Мамбеталиев кошумчалады.

Жалалабат облусунун Ноокен районундагы Жумабек Ниязов атындагы көмөкчү мектебинин дене тарбия мугалими Нурбай Халжигитовдун айтымында, мындай балдарга көңүл бурулуп, мелдештер өткөрүлүп турса көңүлдөрү өсөт.

Мелдешке катышкан балдар дагы дос күтүп, спорт менен машыгуу ден соолугу үчүн пайдалуу болоорун айтышты.

Бишкек шаардык билим берүү департаменти жана шаардык спорт комитетинин көмөгү менен акыл эсинин өнүгүүсү кечеңдеген балдар арасында биринчи спартакиада май айынын аягында өткөрүлгөнү камылгалар көрүлүп жатат.

Кыздар арасындагы футболдук мелдештин жеңүүчүлөрү Бишкектеги 22- көмөкчү мектептин командасы болду. Жетинчектер арасындагы мөрөй талашуунун жыйынтыгында да Бишкектеги 30 көмөкчү мектептин балдары баш байгенин ээси болушту. Ал эми өспүрүрүмдөр арасында биринчи орунду Жалалабат шаарынын командасы ээледи.

Эмдиги жылы Евразия футбол жумалыгынын мелдештерин Ош шаарында өткөрүү демилгеси көтөрүлдү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG