Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

9:50 Чүйдөгү жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү канааттандырарлык


Мындай баасын 1-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев Чүй облусун кыдырган учурунда берди. Искендер Айдаралиев аптасоңунда дубандын бир катар райондорун парламенттин тиешелүү комитетинин мүчөлөрү менен чогуу кыдырып, жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүн текшерди. Ал Москва жана Сокулук райондорунда талаа иштери белгиленген мөөнөттөн алдыда бара жаткандыгын белгилеп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эң биринчи айылдык товар өндүрүүчүлөргө көңүл буруп, алардын көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө аракет кылуу зарылдыгын ырастады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG