Мадриддеги жыйындын алгачкы күнүндө сүйлөгөн сөзүндө Азия өнүгүү банкынын президенти Хару Хиро Курода кысталышта калган мамлекеттерге арзан карыз бериле тургандыгын маалымдады. 3-майдагы маалымат жыйынында Хару Хиро Курода бул жардам жарды атуулдарды азык-түлүк менен камсыздоого жумшалаарын кошумчалады.
Банктын президенти бул максатка канча каражат бөлүнүп жаткандыгын айтуудан баш тартты, бирок ал зор өлчөмдө эмес экендигин белгиледи.
Акыркы төрт айда күрүчтүн баасы үч эсе өскөндүгүн эскерткен Курода арзан азык-түлүктүн заманы бүткөн болушу мүмкүн экендигин айтып өттү. Ал чыгымдарынын басымдуу бөлүгү тамак-ашка туура келген өлкөлөрдө күрүч сыяктуу негизги азыктардын кымбатташына Азияда айрыкча жарды-жалчылар жапа тартып жаткандыгын мындайча баяндады:
-Жардылардын чыгымдарынын 75 пайызы кымбаттоодон жана инфляциядан дагы өсөт. Кедей-кембагалдарга бул кандай кесепет алып келээрин элестетүү кыйын эмес, - деди Азия өнүгүү банкынын жетекчиси.
Азиялык банктын маалыматында, Азияда 1 миллиард 700 миллион киши күнүгө 2 долларга жетпеген акчага күн көрөт. Банктын отчетунда айтылгандай, азык-түлүктүн кымбаттыгы инфляция өсөөрүн билдирет, бул өз кезегинде керектөөнүн, инвестициялардын жана аманаттардын азайышына түрткү болот. Быйыл Азия аймагында инфляция 5.1 пайызга жетет деп болжолдонууда. Бул акыркы он жылдагы эң жогорку көрсөткүч.