Абхазиянын тышкы иштер министри Сергей Шамба эки учак Абхаз аба күчтөрү тарабынан жок кылынгандыгын ырастады. Анын айтымында Грузиянын бул эки учагы Грузиянын Абхазияга болгон агрессивдүү саясатын айгинелейт. Бирок Грузиялык тарап бул айыптоолорду кескин четке кагууда. Апрель айында Грузия Орусияны Абхазиянын үстүнөн учуп бараткан учакты атып түшүргөн деп күнөөлөгөн эле.