Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:04

БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫНА ОН ТӨРТҮНЧҮ ЖОЛДОМО АЛЫНДЫ


Польшанын Варшава шаарынан кыргызстандык спорт күйөрмандарынын сүйүнткөн кабар келди. Мында эркин күрөшү боюнча жеңүүчүлөргө Бээжин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/04/1E76760E-9A4B-4621-9271-89A03C23FF98.asp олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык Гран-при мелдешинде Кыргызстандын намысын коргогон балбан Арсен Гитинов мөрөй алуу менен Бээжинге 14-жолдомону утуп алды.

Польшанын Варшава шаарында эркин күрөшү боюнча Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык акыркы мелдешинин мөрөй талашуулары жыйынтыкталды. Бул эркин күрөш боюнча Бээжинге жол ачуучу акыркы турнирге 50 өлкөнүн 200 балбаны катышты.

Кыргызстандын намысын 55 кг салмакта Турарбек уулу Нурлан, 66 кг салмакта Батор Базаров, 74 кг салмакта Арсен Гитинов, 84 кг салмакта Саматбек Толубаев коргоду. Бээжинге жолдомо алуу үчүн балбандар акыркы мүмкүнчүлүктөрүн, бардык күч-кубатын жумшады. Натыйжада 74 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон дагестандык балбан жигит Арсен Гитинов беш жолу килем үстүнө чыгып, беш ирет жеңишке жетишип, алтын байге менен кошо Бээжин олимпиадасына жолдомо утуп алды.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында, Бээжинге жолдомо алган Кыргызстандын атынан күрөшкөн балбан Арсен Гитинов отуз бир жашта. Арсен 2000-жылы Сидней олимпиадасында Орусияга күмүш байге утуп берген. Ошондой эле жаштар арасында дүйнө чемпиону болуп саналат.

- Арсен - эл аралык даражадагы спорт чебери. Орусиянын жана дүйнө биринчиликтеринде бир нече ирет мөрөй алып жүргөн. Ага кийинки учурда Орусиядан биринчи орунду алгандардан жол тийбегендиктен былтыртан баштап Кыргызстандын намысын коргой баштаган. Бул жигиттен чоң үмүт кылса болот, себеби ал Сиднейде Орусияга күмүш медаль утуп берген. Эми Бээжин олимпиадасына колдон келишинче жакшы даярдык көрүүсү үчүн ага бардык шартты түзүп беребиз.

Варшавада Кыргызстандын намысын коргоп Гран-при турниринин баш байгесин уткан Арсен Гитинов алгач бразилиялык Глаудия Калвасенсти, андан кийин грекиялык балбан Эмзарис Бентинидисти, чейрек финалда литвалык Едгорос Виотечевскисти, жарым финалда болсо Түштүк Африкалык Ричард Аддиналлды жеңип, баш байгеге талапкер болгон. Арсен финалда Европа чемпиону түркиялык Гүлхан Ахмедди жеңип, алтын медаль менен кошо Бээжинге жолдомо алды.

Кыргыз спорт күйөрмандарын күйүнткөнү 55 кг салмакта күрөшкөн Турарбек уулу Нурлан чейрек финалга жетип түндүк кореялык атаандашы Коунг Янгга аз упай менен утулуп, Бээжин олимпиадасына жолдомо алууга ар кадам калганда колдон алдырганы болду.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстанга жана СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Дөңбаевдин айтымында, Бээжин олимпиадасына жолдомо алган кыргызстандык үч балбан Базар Базаргуриев, Алексей Крупняков жана Арсен Гитинов Бээжинде байгелүү орундарга жетиши ыктымал.

Өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин
Айтымында, Бээжин олимпиадасында кыргызстандык балбандардын негизги атаандаштары ирандык, түркиялык, кытайлык, кореялык жана европалык балбандар болот. Акыркы жылдары эркин күрөшкө Индия, Кытай, Монголия өлкөлөрү да абдан көңүл бура баштады.

-Алар менен теңтайлашып, мөрөй алуу үчүн жогорку чеберчилик, спорттук жана психологиялык мыкты даярдык керек, - дейт Мелис Турганбаев.

Учурда кыргызстандык 14 спортчу Бээжин олимпиадасына жолдомо алышкан. Алар:эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков, грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев, суучулдар Юрий Захаров менен Василий Данилов, Азиянын эки жолку чемпиону, велоспортчу Евгений Ваккер, бийиктикке секирүү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону Татьяна Ефименко менен марафончу Юлия Архипова, таэквондо боюнча Расул Абдураим, эл аралык бокс чебери Асылбек Таласбаев, мылтыктан ок атуу спорт чебери Руслан Исмаилов жана фехтование боюнча Сергей Кочурин, дзюдодон Елена Проскуракова Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, даярдык көрүп жатышат.

Эми Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык турнирлер, Азия, дүйнө чемпионаттары июнь айына чейин болмокчу. Кыргызстандык спортчулардан дагы олимпиадалык оюндарга жолу ачылышы ажеп эмес. Айрыкча грек-рим, эркин күрөш, жеңил жана оор атлетикадан жана башка спорт айрым түрлөрүнөн олимпиадалык жолдомо берүүчү мелдештерге кыргызстандык спортчулар даярдык көрүп, багын сынап жатышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG