Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫНА ОН БЕШИНЧИ ЖОЛДОМО


5-майда Жапониянын Каназава шаарынан кыргызстандык оор атлетчи балбандар күйөрмандарды сүйүнткөн кубанычтуу кабар менен кайтып келди. Мында 23-апрелде башталган оор атлетика боюнча Азиянын чемпионаты 4-майда жыйынтыкталды. Быйылкы Азия биринчилигинин өзгөчөлүгү командалык эсепте бешинчи орунга чейин ээлеген өлкөгө Бээжин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/05/568F26A6-E5D9-49B8-BEB3-12F70CC47814.asp олимпиадасына жолдомо ыйгарылды. Кыргызстандык эки жигит коло байге утуп, калган балбандар дагы упай топтоо менен командалык бешинчи орунга илингендиктен Бээжинге бир жолдомо берилди.

Жапониянын Каназава шаарында оор атлетика боюнча Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү Азия чемпионатынын мөрөй талашуулары жыйынтыкталды.

Бул Бээжинге жол ачуучу Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын 62 кг салмакта Султан Молдодосов жана Бекзат Осмоналиев, 69 кг салмакта Кутман Молдодосов менен Камбар Токтоналиев, 77 кг салмакта Замирбек Ашырбаев, 85 кг Улан Молдодосов, 94 кг салмакта Искендер Момунбеков жана 105 кг салмакта Алексей Дудин коргоду.

Ошондуктан Бээжинге жолдомо алуу үчүн чоюн билек балбандар акыркы мүмкүнчүлүктөрүн, бардык күч-кубатын жумшады.

Натыйжада 85 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Азиянын эки жолку чемпиону Улан Молдодосов жулкуп көтөрүүдө 158 кг салмакты көтөрүп, түртүп көтөрүүдө 192 кг оордукту багындырып, жалпысынан 350 кг салмакты көтөрүп 1 күмүш, 2 коло медалды утуп алды.

Ошондой 105 кг салмакта кыргызстандык Алексей Дудин дагы 155 кг салмакты жулкуп, 190 кг оордукту түртүп көтөрүү менен үчүнчү орунду ээледи. Командалык эсепте Кыргызстан бешинчи орунду ээлегени үчүн Бээжин олимпиадасына бир спортчуга жолдомо ыйгарылды.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында, Жапониядагы Азия чемпионатында күмүш байге алган эл аралык спорт чебери Улан Молдодосовдун көрсөткүчү жогору болгондуктан Бээжинге жолдомо ага берилет:

- Улан Молдодосов - эл аралык даражадагы спорт чебери. Азиянын чемпионаттарында бир нече ирет мөрөй алып жүргөн. 14 жашынан баштап Кыргызстандын намысын коргой баштаган. Учурда балтыр эти толуп, баралына келип, чеберчилиги артып турган учуру. 17 жылдан бери оор атлетика менен машыгып, учурда тандалма команданын капитаны. Бул жигиттен чоң умүт кылса болот. Эми Бээжин олимпиадасына колдон келишинче жакшы даярдык көрүүсү үчүн ага бардык шартты түзүп беребиз.

Улан Молдодосов 2004-жылы Афина олимпиадасына да катышкан. Ал студенттер арасында дүйнө чемпиону, алты жолу Азия чемпионатында мөрөй алган. Улан Ислам өлкөлөрүнүн оюндарынын баш байгесин да утуп, чеберчилиги менен таанылган. Уландын жолун жолдогон эки иниси Кутман жана Султан Молдодосов да оор атлетика боюнча Азия чемпиондору, эл аралык спорт чеберлери.



Жапониядагы оор атлетика Азия чемпионатына калыстык кылып келген Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосовдун айтымында, командалык эсепте өлкөгө ыйгарылган Бээжин олимпиадасына жолдомонун алынышына Уландын салымы зор.

-Ошондуктан оор атлетика федерациясынын чечимине ылайык Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын Улан Молдодосов коргойт.

Жапониядан Бишкекке келээри менен “Азаттыктын” кабарчысына берген маегинде Азиянын эки жолку чемпиону Улан Молдодосов Бээжин олимпиадасында негизги атаандаштары ирандык, түркиялык, кытайлык, кореялык, болгариялык, катарлык, казакстандык жана европалык балбандар болорун белгиледи. Бээжинде байгелүү орунга жетүү үчүн кытайлыктар менен же болгарлар менен бирге машыгуу натыйжа берет эле, дейт Улан Молдодосов:

-Алар менен теңтайлашып, мөрөй алуу үчүн жогорку чеберчилик, спорттук жана психологиялык мыкты даярдык керек. Жапониядагы Азия чемпионаты курч мүнөздө өттү. Айрыкча кытайлыктар дүйнөлүк рекорддорду жаңыртышты. Бизге көрүлгөн же түзүлгөн шарт, жагдай менен Бээжинде ийгиликке жетүү кыйын. Биз “кыргыз намысы” деп “жылаңач баатыр” болуп жүрөбүз.

Учурда кыргызстандык 15 спортчу Бээжин олимпиадасына жолдомо алышкан. Алар: эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору Базар Базаргуриев, Алексей Крупняков жана Арсен Гитинов, грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев, суучулдар Юрий Захаров менен Василий Данилов, Азиянын эки жолку чемпиону, велоспортчу Евгений Ваккер, бийиктикке секирүү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону Татьяна Ефименко менен марафончу Юлия Архипова, таэквондо боюнча Расул Абдураим, эл аралык бокс чебери Асылбек Таласбаев, мылтыктан ок атуу спорт чебери Руслан Исмаилов жана фехтование боюнча Сергей Кочурин, дзюдодон Елена Проскуракова Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, даярдык көрүп жатышат.

Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык турнирлер, Азия, дүйнө чемпионаттары июнь айына чейин болмокчу. Кыргызстандык спортчулардан дагы олимпиадалык оюндарга жолу ачылышы ажеп эмес.

Айрыкча грек-рим, эркин күрөш, жеңил атлетика жана башка спорттун айрым түрлөрүнөн олимпиадалык жолдомо берүүчү мелдештерге кыргызстандык спортчулар даярдык көрүп, багын сынап жатышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG