Кремлдин бийик сепили кыйырында жаткан Кызыл аянтта 5-май күнү танктар баш болгон согуштук техника жүрүп, асманда сабалап бомба таштоочу учактар сызып өтүштү. Ал туурасында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн ырасмий өкүлү Алексей Дробышевский Жеңиш күнүнүн 63 жылдыгына арналып, даярдалган согуштук парадды өткөрүү жумушунун акыркы жолку көнүгүүсү болду деген.
Көнүгүү маалында Кызыл аянт аркылуу 8 миңдей жөө аскер, 30 согуштук учак жана тик учма ошондой эле 170 даана согуштук техника өткөн. Алардын өтүүсү туура бир саатка созулган, бирок алардын коопсуздугун кепилдөө максатта бийлик Москванын чордонундагы 17 көчөнү тостурган, деп жазат РИА Новости маалымат агенттиги.
Натыйжада Мосванын орто чениндеги чоң көчөлөр машинеге шыгырап толуп, орундарынан жылбай токтоп калышкан. Ага кошумча бийлик буйругу менен 300дөй машине жол боюнда токтоп турган жеринен жүк ташуучу машинелерге жүктөлүп калаанын четине чыгарылган.
«Новая газета» жазганга караганда, «Кызыл аянтта согуштук техниканы көпчүлүккө көргөзүп алып өтүү, ошону менен доско да, каска да кыр көргөзүү акыркы жолу мындан 17 жыл мурда болгон. Андан кийин бир гана жолу Атамекендик согушта жеңишке жеткен күнгө элүү жыл толгонго байланыштуу 1995-жылы өткөрүлгөн».
Бул жолу анча себепсиз эле согуштук парад өткөрүп жатат деп келип, ага Путин абдан кызыктар экенин баса көргөзгөн. Ошол себептен улам быйылкы парад учурунда биринчи жолу ракеталык «Тополь» комплексинен төртөө, жөө аскерлер алып жүрүп колдонуучу «Искендер» комплексттери, ракета атчу комплекс «тунгускалар», жүрүп баратып ок атуучу «Буктар», жамгырдай жааган огу алыска тийүүчү «Смерч» системалары Кызыл аянттан өтүшмөкчү. Асман менен ондогон бомба таштачу истребителдер менен согуштук тик учмалар өтөрү күтүлүүдө.
Москвада кечээ, кийинки жылдары өзү менен бирге иштешкен кишилерге кош-пеш айтып атып Владимир Путин парадды да кеп кылды:
-9-Май күнү биз эч кимди коркутпайбыз, бирок муну менен биз коргонуу чөйрөбүздөгү барган сайын өсүп бараткан мүмкүнчүлүгүбүздү көрсөбүз.
Айта кете турган жери, 5-май күнү өткөн көнүгүү - шайланган президенттин ишине киришүү каадасын өткөрүүнү уюштуруу жумушуна да машыгуу болгону айгинеленди. 7-майда өткөнү жаткан ал каадада да көчө тосуу болоорун жана ал күнү болгону Кремлге танапташ жаткан 9 көчөнү тосоорун мамлекеттик автоунаа инспекциясы билдирген.