Америкалыктардын ындыны азыр өчүңкү, деп жазат Фарид Закария Newsweekтеги макаласында. Апрелде өткөрүлгөн жалпы улуттук изилдөөдө калктын 81 проценти өлкө “жаңылыш жолдо” баратканын айтышкан. Закария мындай маанайдын себебин финансылык апалаңдан же экономикалык басаңдоодон, Ирактагы бүтпөгөн согуштан же терроризмдин коркунучунан эле эмес, америкалыктар жаңы дүйнө жаралып келатканын, аны бу сапар башка элдер түптөп-түзүп жатканын баамдай баштаганынан көрөт.
Закария соңку 500 жыл аралыгында дүйнөдө саясий, экономикалык жана маданий планда үч чоң “зилзала” болгонун, алардын баары тең жер шарындагы турмушту кескин өзгөрткөнүн белгилейт. Биринчи “зилзала” деп ал Батыштын “көкөлөшүн” атайт. Бу процесс он бешинчи кылымда башталып, он сегизинчи жүз жылдыкта өзүнүн туу чокусуна жетти. Ал дүйнөгө илимди жана техниканы, коммерция менен капитализмди, агрардык чөйрөдөгү жана өнөр жайындагы революцияларды алып келди. Алардын аркасында узак мезгил бою дүйнөдө саясий жактан Батыш өлкөлөрү үстөмдүк кылып турушту.
Экинчи “зилзила” он тогузунчу кылымдын этегинде башталды жана АКШнын “көкөлөшү” менен коштолду. Өткөн кылымда дүйнөдө Кошмо Штаттары бүткүл чөйрөдө - экономикада, саясатта, илимде, маданиятта жана идеологияда үстөмдүк кылды. Соңку 20 жылда анын гегемониясы талашсыз чындыкка айланды. Бу көрүнүш Рим империясынан берки тарыхта кезиге элек өнөгө болду.
Эми тарыхта жаңы “зилзала” жүрүп жатат – бу жолу Батыш же Америка эмес, башка материктер менен элдер “көкөлөй” баштады. Акыркы он жылдыктарда бир катар өлкөлөр экономикалык жактан болуп көрбөгөндөй арымда өнүгүп жатышат. Бу көрүнүш өзгөчө Азияда таасын көрүнүүдө, бирок ал башка материктерге да мүнөздүү болгондуктан муну жалгыз эле Азиянын “көкөлөшү” өңдүү караганга болбойт, деп эсептейт Закария.
Иши кылып, дүйнөдө постамерикалык доор башталды. Эл аралык процесстерди азыр көп борборлор тескеп, көп оюнчулар башкарып калышты. Бул, арийне, антиамерикалык дүйнө эмес, процесс көп жагынан АКШнын жолу менен баратат. Анда америкалык идеялар артыкчылык кылат. Жаңы державалар рынок экономикасын, тигил же бул формада демократиялык түзүлүштү, ачыктыкты кабыл алышты.
Мындай шартта АКШга эмне кылуу керек?
Закария эки жолду атайт: эгер АКШ бул процесске пассивдүү байкоочу катары мамиле кылса, анда дүйнөдө улутчулдук күч алып, бүлүк-бүлгүн көбөйөт. Натыйжада соңку алтымыш жылда АКШ өзү түзгөн дүйнөлүк тартиптин быт-чыты чыгат. Мунун ордуна АКШ каймактап келаткан бул жаңы дүйнөнү чыңдап, андан өзүнүн татыктуу ордун таба алат. Бирок бул үчүн АКШ жаңы державалар менен кызматташып, эртеңки дүйнө азыркыдан алда канча көп түрдүү жана көп кырдуу болорун эске алышы керек. Эң башкысы - АКШ постамерикалык дүйнө реалдуу иш болуп калганын моюнга алып, бул фактыны куттуктап, кубаттай билиши абзел, деп белгилейт Закария.