Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Мунай баасы биринчи жолу рекорддук чектен – 120 доллардан ашты.


Доллардын алсыздыгы жана мунайдын негизги өндүрүүчүлөрү болгон Нигерия менен Ирактагы бейстабилдүүлүктөн улам биринчи жолу бир баррел мунайдын баасы 120 АКШ долларынан ашып түштү. Нигерияда козголоңчулар мунай бургулоочу жерлерди жана куурларды бутага алышкан. Серепчилер мунай баасынын көтөрүлүшү Ирандын өзөктүк курал программасынын тегерегиндеги кызуу талкуулардан жана түрктөр менен күрттөрдүн ортосундагы жаңы кагылышуулардан да келип чыгышы мүмкүндүгүн айтышууда. 2-майда Түркиянын согуш учактары түн ичинде Ирактын түндүгүндөгү күрт козголоңчуларынын турумдарын бомбалашкан.

XS
SM
MD
LG