Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

ЖАЛАЛАБАТ: “ӨЛТҮРӨМ” ДЕГЕН СӨЗ ҮЧҮН КАМАГАН ТУУРАБЫ?


6-майда Сузак райондук сотунун алдында 18 киши пикет өткөрдү. Нааразылык акциясын таң саардан түшкө чейин уланткан адамдар 30-апрелден бери абакта жаткан тууганын бошотуп берүүнү талап кылышты. Алардын арасында болгон беш бала президент менен сот адилеттиги боюнча Улуттук Кеңешке кайрылган плакаттарды кармап турушту. Пикетчилер “административдик ишти кылмыш ишине айландырып ийди” дешип, сотко жана ишти териштирген тергөөчүгө нааразы болушту.

Райондун Кызылсеңир айлынан келишкен адамдар 30-апрелден бери убактылуу кармоо жайында жаткан Камыт Нурбаевди бошотууну талап кылышты. Аялы Гүкүш Маткадырованын айтымында, тууганы менен урушканда жаза пул төлөгөн Нурбаев эскертүүсү жана чакыруу кагазы жок түндөсү убактылуу кармоо жайына жеткирилген. Окуяны көргөн күбөлөр толук суралбаган. “Өздүгү аныктала элек деген айып да туура эмес” деп айтты Гүкүш Маткадырова:

- Үйдөн түндөсү бейкапар уктап жаткан жеринен унаага салып алып келип камап жатышат. Бир дагы жолу менин чалыма чакыруу кагаз берилген эмес. Өздүгү такталган эмес деп айтылат бул жерде. Өздүгү такталбаса тергөөчү эмне себептен үйдөн ойготуп камап кетип атат, бул көчөдө жүргөн адам болсо анан кантип үйдү таап келди.

2-майда райондук сот кылмыштын алдын алуу максатында бөгөт коюу чарасын тандоо тууралуу тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, эки айга убактылуу камаган. Адам укугун коргоочу жана райондук Кеңештин депутаты Молдосали Ибраимовдун айтымында пикет уюштурууга административдик иштин кылмыш ишине айланганы себепчи болду. Ал соттун токтомуна каршы чыгып, “ишти сот адилеттиги боюнча улуттук кеңеш текшерсин жана Нурбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлсүн “деген талабын койду. Анын белгилешинче “өлтүрөм, соем” деген сөздөр үчүн камала берсе, урушкан адамдардын баары абакка алынышы керек:

- Санкция берип эки ай мөөнөткө камап койгондугу мени нааразы кылды. Баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан бошотууну талап кылып райондук соттун алдында отурам. Сузак райсотунун судьясы Касымбековдун караган иштерин текшерүүгө президенттик администрациянын алдында улуттук кеңеш деген түзүлгөн. Улуттук кеңештен комиссия келип туруп текшерсин.

Чоң кишилер менен кошо плакат кармап турган беш баланын бири Орозоайым Нурбаева: - Бул жерде абамды бошоткуча турабыз,- деп билдирди.

Тергөөчү Билал Акматовдун түшүндүрмөсүнө ылайык мурда соттолгон Нурбаевге кылмыш кодексинин 234-беренеси менен айыбы угузулган. Ал Мурзабеков аттуу адам менен 8-апрелде чатакташканда айыл тургундары ажыратканга карабай, бычак менен коркутуп кубалаган. “Нурбаев ээн-эркин жүрсө, тергөө жана сот иштерине тоскоолдук кылуусу мүмкүн эле” деген жообун айтты тергөөчү.

Бирок тергөөчү кылмыш кодексинин 110-беренесинде жазылгандай башка жакка кетпөө талабын деле койсо болмок. Ушундай пикирин билдирген райондук соттун төрагасы Жаныбек Бекназаровдун белгилешинче, маселени саясий акция жолу менен эмес, 5 күндүн ичинде жогорку сотторго кайрылып, мыйзам жолу менен чечүүгө аракеттер көрүлсө туура болмок:

- Плакттарды жазып келип алып адилеттүүлүк деп, анан президентке кайрылуу кылып атат. Бөгөт коюу чарасын сот тандап токтом менен кабыл алат. Ага нааразы адам кассациялык тартипте беш күндүк мөөнөттүн ичинде облустук сотко кайрылса болот. Бул жерде эч ким акыркы чечим кабыл алып аткан жок. Бул бөгөт коюу чарасын тандоо. Сотто иш негизинен каралганга чейинки гана чара деп эсептелинет. Бөгөт коюу чарасын тандоодо соттор анын күнөөсүн аныктабайт. Ага тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылбаш үчүн, мисалы сыртта жүрүп качып кетпесин, же башка тоскоолдуктарды кылбасын деп убактылуу гана бөгөт коюу чарасын тандайт.

Доо арыз облустук сотко жөнөтүлгөнүн уккан пикетчилер нааразылык акциясын түшкө жуук токтотушту.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG