Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган СПИД оорусун наркомандар менен сойкулар жайылтаарын, ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны азыркы күндө Кыргызстан боюнча 500 адамга чамалап барганын кабарлаган “Алиби” гезити Кыргызстандын мына ушул байтал базарындагы бааны эсептеп чыккан. Гезит эсебине ынансак кыргыз сойкусунун 1 сааттык кызматы 250 сом, бир түнкүсү 1500 сомго чейин жетет, 1000 эркек бир түнгө бирден эле көпөлөк кармаганда 1 жарым миллион сом, бир жылда -540 миллион сом болорун болорун, демек кыргыз өкмөтү чет өлкөлөрдөн инвестиция тартпай эле мына ушул ички резервдерди ийгиликтүү пайдаланса дурус натыйжаларды берерин, ошондуктан жакыр өлкө өз бечералыгына бетпарда тартымыш болуп уялып-этпей эле Кыргызстандын соо жерин калтырбай каптаган сойкулукту мыйзамдаштырып, андан түшкөн акчаны өлкөнүн өпкө-мурдун тазалоого жумшашы керектигин, анткени “Ак жол” партиясы кааласа каалагандай мыйзам кабыл алып берерин, анын үстүнө дүйнөдө мындай өлкөлөр толтура экендигин, маселен Таиланд өз сойкуларынан түшкөн киреше менен өлкө бюджетинин 20-30 пайызын жабаарын жазып чыкты.
хххх
Ушул эле гезит окумуштуулардын аныктамалары боюнча көп жылдык кургакчылык босогодо турганын, демек айрыкча азык-түлүк маселеси чечилбес түйүнгө айланарын, мындай коркунучтун коңгуроосун Борбор Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп Казакстан кагып чыканын маалымдады. Суу тартыштыгы азыртан эле Түштүк Казакстан менен Кызыл Ордо облусттарында курч сезиле баштады. Ал эми Токтогул суу сактагычында суунун запасы 6,5 миллиард куб сууга төмөндөгөндүктөн Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө эле 3 жарым миллион гектар айдоо талаа суусуз калуу коркунучунда турат. Кургакчылыктан Кыргызстан да четте калбайт. Бирок тилекке каршы суусу мол экендигине карабай аны коромжу кылып пайдалануу боюнча кыргыздын атка минерлери “ит илдеттеринен” арыла элек. Балким ошондонбу, Казак республикасы каптап келаткан кургакчылыкка алдан алуу аркеттерин көрө баштаса, эч нерсе болбочудай камырабаган Кыргыз өкмөтүнүн ага каршы кандай чараларды көрүп аткандыгы тууралуу кабар жок деп каңкуулады
хххх
Ушул жылдын 28-апрелинде Бишкек аскер соту тарабынан Валерий Пацула жана Владимир Бережной “мамлекетке чыккынчылык кылды” деген айып менен үй-мүлкү конфискацияланып, ар бири 13-14 жылга эркинен ажыратылганын, дагы экөөнө 4 жыл түрмө берилгенин, булардын баары орус мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн шпиондук кылды деп кесилгенин кеп кылган “Дело №...” гезити адвокат Владислав Лужинскийдин сот өкүмүнө түшүндүрмөсүн басты. “Мисалы, дейт адвокат, “соттолуп жаткандардын бири Орусиянын атайын кызматына Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук Кызматынын жеке курамы канча кишиден турарынын тизмесин берген деп күнөөлөндү, айткылачы, ушул да жашыруун сырбы? Кыргызстандын УККсында иштегендеринин 99 пайызы Орусиянын Федералдык Коопсуздук Академиясында даярдалат. Демек ансыз да алардын тизмесин беш колундай билген Орусия ошол “секретти” билиш үчүн кыргыз тараптан шпион жасалды деген нерсенин өзү дегеле эч кандай логикага сыя турбаган нерсе”. Адвокат мырза муну Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамиленинин атайын бузулушун каалаган күчтөр жасап жатканын, андайлар жогорку бийликте да олтурганын айтса, аймактык коопсуздук маселелер боюнча аскер эксперти Леонид Бондарец Кыргызстандын Фемидасы Кытайдан кийин эле Орусияны душман мамлекет катары ырасмий түрдө ырастаганын, эми орустар жана кытайлар менен соода ж.б. тармактар боюнча алака түзгөн жарандар үчүн жаман жагынан үлгү боло тургандай жагдай пайда болгонун, мунун залакасы көп тийерин, кыскасы аталган аймактарда түстүү революциялар ийгиликке жетпегенден кийинки Американын эң маанилүү жеңиштеринин бири ушул болгондугун айтты.
хххх
Гезит андан ары ушул жылдын 4-ноябрында АКШда президенттик шайлоо болуп өтөрүн, буга Кыргызстан да кызыгып турганын, бир кезде Хиллари Клинтон менен Джон Маккейн Бишкекке келип кеткенин белгилеп, “Эгер сизге АКШдагы шайлоого катышууга мүмкүндүк берсе добушуңузду кимге берет элеңиз?” деп айрым жарандарга суроо салганда, коммунист депутат И.Масалиев, “Мен алардын Борбор Азия боюнча кандай көз карашта экендиктерин билбейт экемин” деп, юрист М.Чолпонбаев, “Мен Хиллари айым менен жеке тааныштыгым бар, ал тургай Клинтондордукунда мейманда болгомун. Албетте, Хиллари айым үчүн добушумду бермекмин” деп, саясат иликтөөчү А.Князев “Мен Обома үчүн добуш бермекмин. Ал деген Американы ичинен жарып чыгат, ал жеңишке жетсе акыры дүйнө кадимкидей эс ала түшөт эле” деген. Дагы бир коммунист К.Ажыбекова “Мен аял катары Хиллари Клинтон үчүн добуш берет элем, бирок ийгиликке башка расанын өкүлүнүн жетишин каалайт элем. Анткени Америкада буга дейре дискриминацияланып келген элдин өкүлүнүн жеңиши азчылыктын символу болуп калмак” деп жооп берген. Кыскасы мындан башка дагы сурамжылоого алынгандардын басымдуу бөлүгү Х.Клинтон айым үчүн добуштарын берерин билдиришкен.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ