Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

КУУДУЛ ТАЛАНТ АНАРБАЕВ ОРУСИЯДА


Белгилүү куудул, пародист Талант Анарбаев Орусиянын шаарларын кыдырып, ал жактагы кыргыз мекендештерге концерт тартуулоону көздөөдө. Мына ошол чыгармачылык сапар тууралуу куудул менен кабарчыбыз Айжан Шаботоева маектешкен.

-Талант мырза, Орусиядагы мекендештерге кандай программа менен баратасыз?

- Мен жыл сайын Бишкекке концерт коюп, андан соң Кыргызстандын аймактарын кыдыргандан кийин Орусияга барып келем. Бул программада азыркы турмушта болуп жаткан нерселер, саясаттагы окуялар, жаштардын жасап аткан иштерин сатирага салганбыз.

- Жалгыз эле өзүңүз болосузбу же башка ырчы-чоорчулар да барбы сизди коштогон?

- Мен “Талант шоу” куудулдар тобун алып барам. Ал топто Канат, Максат деген өнөрпоздор жана Гүлбарчын аттуу ырчы кыз бар.

- Орусиянын кайсы шаарларын кыдырасыздар?

- Екатеринбургдан баштайбыз, Москва, Ленинград, Тюмень, Новосибирск, Иркутск, Красноярск, Читага чейин барабыз.

- Жогоруда айтып өттүңүз, буга чейин да бир нече ирет концерт өткөргөм деп, негизи эле ал жактагы мекендештер кандай кабыл алышат?

- Кыргызстандын айылдарында концерт койгон жакшы болбой калды, себеби элдин көбү эле Орусияга кетип калды, ал жакта кыргыздар көп. Анын үстүнө беш-алты айда бир концерт болот да, андыктан жакшы кабыл алышат, дисктерди сурашат.

- Ал эми билеттин баасы Кыргызстандагыга караганда кымбаттыраак болсо керек?

- Москва, Ленинградда бул жерге караганда эки эсе кымбатыраак болот, калган шаарларында Бишкек менен эле бирдей.

- Ал жакта концертти кадимки эле маданият үйлөрүндө коесуздарбы же мектептерде, башка бир имараттарда көрсөтөсүздөрбү?

- Биринчи барганда училищаларда, мектептерде койгонбуз, кийинки барганда театрларына, маданият үйлөрүнө коюп калдык. Ал жакта аябай кымбат, мисалы бул жакта спорт ордосуна 10 миң сом, филармонияда 20 миң сом болсо, алардын маданият үйлөрү 20-30 миң рубль, 80 миң рублга чейин болот. Биздин акча менен 120 миң сомдой болот го. Иши кылып түшкөн акчанын үчтөн эки бөлүгүн таштап келебиз.

- Орусияга барып келген ырчы-чоорчулар “ал жакта концерт койгон кыйыныраак, орус тартип коргоо кызматкерлери тоскоолдуктарды кылышат” деп айтышат, буга эмне дейсиз?

- Мен үч-төрт жолу бардым, тоскоолдуктар деле болгон жок. Балким документтери туура эмес болсо, кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Биз кыргыз диаспоралары, консульство менен сүйлөшүп, Маданият министрлигинен документтерди алып барабыз. Тескерисинче, жардам беришет. Аларда деле өнөр адамдарын сыйлашат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG