Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

ФУТБОЛ: ООГАНСТАН-КЫРГЫЗСТАН 1:0


7- майда кечинде Бишкектеги “Спартак” стадионунда Азия футбол --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/05/700BD3CC-83CB-44F3-B489-EC48233D3C49.asp конфедерациясынын Чакырык кубогунун алкагында “С” тобундагы Ооганстан менен Кыргызстандын командалары беттешип, оогандык футболчулар 1:0 эсебинде жеңишке жетишти.

7-май күнү Бишкекте аба-ырайы да жакшы болгондуктан “Спартак” стадионуна футбол күйөрмандары арбын келишти. Азия футбол федерациясынын “Чакырык кубогунун таймаштарында “С” тобунда Кыргызстандын командасы Ооганстандан келген футболчулар менен беттешти.

Оюндун биринчи бөлүгүндө кыргызстандык футболчулардын удаа-удаа чабуулдарынан майнап чыкпады. Беттешүүнүн 39- мүнөтүндө кыргызстандык коргоочулардын жана дарбазачынын каталыгынан пайдаланган ооганстандык жарым коргоочу Ата Хамрали эсепти ачып, командасын алга сүрөдү.

Футбол күйөрманы Сурат Жылкычиевдин пикиринде бул оюнда ооганстандык футболчулардын чеберчилиги жогору экени байкалып, алар кыргызстандык чабуулчулардын мизин кайтарып жатышты.

Оюндун экиничи бөлүгүндө кыргызстандык футболчулар канчалык аракет кылганы менен эсепти тендей алышпады. Бир нече ирет ыңгайлуу учурларды колдон чыгарышты.

Ооганстан-Кыргызстан беттешүүсүнө күбө болгон өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев Ооганстандын футболчуларынын чеберчилиги жогору экенин моюнга алып, мелдеш тууралуу өз оюн мындайча билдирди.

-Эки команданын тең деңгээли бирдей экен. Ошентсе да оогандыктар демилгени колго алышып, жигердүү оюн көрсөтүштү. Оогандыктар бизге бир топ киргизгенден кийин оюндун убактысын чоюп, биздин футболчулардын ыргагын бузуп жатышты. Эки команданын тең даярдыгы дурус экен. Биздин жигиттер деле жаман ойногон жок. Бирок ийгилик оогандыктар тарапта болду. Анын үстүнө алардын 4-5 оюнчулары Германиянын 3-4 лигасында ойноп, чеберчилиги дурус экен. Башкы машыктыруучусу да немис адиси - Клаус Штаерк болуп саналат.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, “Шер” футбол клубунун президенти Айбек Осмоналиевдин пикиринде, Кыргызстандын тандалма командасынын катарында Канттын “Абдышата” командасынын оюнчулары басымдуу болуп, өлкөдөгү мыкты футболчулар сыртта калгандыктан Ооганстанга жеңилди. Ошондуктан бул оюндан кийин жыйынтык чыгарып “Абдышата” командасын жана өлкөнүн башкы машыктыруучу болуп, эки тизгинде бирге алып келаткан Нематжан Закировдун ордуна жөндөмдүү адисти алып келүү зарыл, деп кошумчалады Айбек Осмоналиев.

Азия футбол конфедерациясынын Чакырык кубогунун алкагында “С” тобунда Ооганстан, Бангладеш, Кыргызстан жана Лаос өлкөлөрүнүн тандалма командалары беттешмек. Тилекке каршы Лаостун футболчулары Бишкектеги беттешүүгө келбей, оюндун мурда белгиленген ирети бузулду. Мурда белгиленгендей бир күнү эки беттешүүнүн ордуна үч команда болгондуктан бирден гана оюн болуп жатат.

Чакырык кубогунун алгачкы беттешүүсүндө Ооганстан менен Бангладештин футболчулары эки жолу киргизген топторун калыстар жаратпай, эсеп ачылбай 0:0 боюнча тең чыкты деп эсептелип калды.

Эми 9-май күнү Бишкектеги “Спартак” стадионунда “Чакырык кубогунун мөрөй талашуусунда Кыргызстандын командасы Бангладештен келген футболчулар менен беттешет.

Ооганстан өлкөсүнүн футбол боюнча тандалма командасынын башкы машыктыруучусу Клаус Штаерктин пикиринде, Ооганстандын футболдук деңгээлин өстүрүү үчүн Германиянын адистери төрт жылдан бери жардам берип, Кабулда иштеп жатышат.

-Ошондой эле оогандык 4-5 оюнчу Германиянын 4 лигада ойноп жатышат. Мен өзүм үч жарым жылдан бери Ооганстандын тандалма командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеп жатам. Кыргызстандык футболчулардын деңгээли деле дурус экен.

Бишкекте Чакырык кубогунун “С” тобунда жеңип чыккан өлкөнүн командасы гана 30-июлдан 10-августка чейин Индиянын Хайдарабад шаарында өтө турган финалдык таймашууга катышууга укук алат. Ал эми ушул Чакырык кубогун быйыл жана 2010-жылы уткан өлкөнүн футболчулары 2011-жылы Катарда өтө турган Азия кубогуна катышууга жолдомо алышат.

Эми 9–Май күнү Кыргызстандын командасы Бангладеш өлкөсүнүн футболчулары менен мөрөй талашууга чыгат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG