Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:41

10:06 Хизб -ут-Тахрир Борбор Азиядагы опурталдуу террорчулардын катарында турат


Борбор Азия жаңылыктар агенттигинин маалыматына караганда, АКШнын мамлекеттик департаменти Өзбекстан Ислам кыймылын, исламчыл Жихад тобун жана Хизб-ут-Тахрир уюмун Борбор Азиядагы өтө опурталдуу террорчулар деп атаган. Мындай тыянакка АКШ мамлекеттик Департаменти дүйнөдөгү терроризмге 2007-жыл үчүн берген баасында келген. Аталган жашыруун уюмдардын ичинен Хизб-ут-Тахрир уюмун антисемиттик, батышка каршы идеологияны тутанткан экстремисттик радикалдык топ деп, терроризмди кыйыр колдоорун белгилеген. Докладда ошондой эле бул уюмдун жактоочулары Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө бар экендигин белгилеп, муну чегаранын бекем эместиги, алсыз экономика, коррупция сыяктуу өксүктөр менен байланыштырылган. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов өткөн айда “Азаттыкка” берген интервьюсунда “Хизб-ут-Тахрирге” байланышкан коркунуч өлкөдө бар экендигин билдирген. BuS)

XS
SM
MD
LG