Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:28

БАТКЕНДИН БАШЫН ЖЕР МАСЕЛЕСИ ООРУТУП ЖАТАТ


“Де-Факто” гезити Баткен тургундарынын атынан президент К.Бакиевге кайрылган катын жарыялады. Катта аталган райондун Самаркандек, Ортобоз айылдарынын 23 миң жашоочусу жарым кылымдан ашуун мезгилден бери оор шартта жашап келаткандыктарын, айрыкча алар жашаган жердеги 37 гектар жер тажиктер менен талашка түшүп жаткандыгын, өткөн жылы кайрылганда комиссия түзүлүп чечип берет деген жооп алышканы менен чечилбей кала бергенин, 1960-жылдан бери карай тажик кошуналар кыргыздын жерин басып жана сатып алып жатышканын, жер чатагынын айынан 62- жана 91-жылдары эл кагылышып, алтургай атышканга чейин барганын, агездеги Компартиянын 1-катчысы А.Масалиев, катчылары А.Жумагулов, М.Шеримкулов бир ай жүрүп эчнерсе чече алышпаганын, ошентип жергиликтүү облус жана район бийликтеринин өзүмбилемдиги менен жердин көп жыл ижарага берилип келгендигинин натыйжасында Самаркандек, Ортобоз айылдарынан 37 гектар, мындан сырткары Шороб, Сүлүктү көмүр шахтасынан жер аянттары Тажикстанга өтүп кеткенин жана мындай көрүнүш азыр да уланып жатканын жазган.
хххх

Ушуга улай эле Самаркандек айыл тургуну, 81 жаштагы карыя Баба Тагаев айылчарба министрлигине, суу департаментине киргенин, А.Мадумаровго кирелбай атканын, айылда жаштар чет жакка кетип, жалаң карылар калганын, улам тажиктер кирип жерди ээлей баштаганын, эч айла таппай калышканын, кыргыз бийлиги эми элди жерге кошуп туруп тажиктерге сатканы калганбы деп ойлой башташканын, 1,5 сотыхтан жери бар элге эмгиче суу жоктугун муңдаса, айылдын дагы бир тургуну Нарзилла Баратов Баткендин губернатору менен Саламат Аламанов турганда жер бара-бара тажиктерге өтөрүн, жогор жактан келген комиссиялар конок болуп алып өйдө жакка “баары жакшы” деп отчет берип кете берерин, кошуналар ээлеп алган жерди Кыргызстандын жараны болгон тажиктерге же кыргыздарга каттаттып коюп жатышканын, бал-чака тажик-кыргыз болуп мушташарын, маселе ырбап турганын какшаган.

хххх

“Эгер абакта менин өмүрүмө балта чабылса, аны Жаныш Бакиевден көргүлө!” “Де-Факто” гезитине “түрмөдөн кат” деген рубрика алдында мына ушундай аталыш менен Ош губернаторунун 1-орунбасары Кушбак Тезекбаевдин түрмөдөн жазган каты жарыяланды. Кат ээси минтип жазат: “Революцияны жалаң фанаттар жасап, ыраатын акмактар көрөт” деген чын өңдөнөт. Буга далил: Бакиевдин айланасында дале Аскар Акаевдин түбүнө жеткен касамкор шылуундар жүрүшөт. Аларды көргөн сайын эл жийиркенип, улам кыжыры кайнап жаткандыгын, эмне өлкө башчысы билбейби?

Президенттик админстрацияны Үсөн Сыдыков жетектеп турган кезде Ошко келип калды. Ырасмий жолугушууда “Күч органдары ойдогудай иштебей жатат. Кылмыштуулук күчөп, коррупция мурда болуп көрбөгөндөй гүлдөдү” деп айта койбоймбу. Ошондон тарта менде күн жок. Жаныш Бакиевдин мага карата түз мамилеси ошондон баштап 180 градуска кыйшайды.

Катындарды тукурмай методду ойлоп таап, жайылтып жаткан Жаныш Бакиев. Акыркы күндөрү жактоочумду чакырып, “Тезекбаев облсотко даттанбасын, 2 айдан кийин бошотобуз” деп жатышат. Мен буга караманча каршымын! Эмне кааалганда камап, же кое бергидей адам тагдыры Бакиевдерге оюнчук бекен?

Конституциянын гаранты Курманбек Салиевич, үйбүлөлүк башкаруунун акыры трагедиялуу бүтөрүн унутпаса экен!

Кадырман эли-журтум! Эгерде абакта менин өмүрүмө кокус балта чабылса аны Жаныш Бакиевден көргүлө. Себеби, анын колунан ар кандай арам иштер келерине көзүм толук жетип калды.” Каттын соңу ушинтип аяктаган.

хххх

Гезитке басылган дагы бир кайрылуу Кыргыз өкмөтүнүн башчысы И. Чудинов менен ЖК төрагасынын орунбасары К.Исабековго арналып, Талас районундагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундары “Глобал Голд” фирмасынын мураскери болгон “Визор” Жерүй алтын кенинде курулуш иштерин бүткөрүп алтын бермек тургай фабриканы кайсыл жерге курарын билбей турганын, ошондуктан Жерүй алтын кенин өздөштүрүүгө эларалык тендер жарыяланып, адистешкен компания келиши керектигин, эгер муну кыргыз өкмөтү 10 күндүн ичинде комиссия түзүп, жеринде карап, туура чечим чыгарып бербесе Бекмолдо айылынын эли Жерүйдүн ишин токтотууга мажбур болорун билдиришкен. Каттын аягына айыл өкмөтүнүн башчысы М.Мамбеталиев менен айыл кеңешинин төрагасы А.Осмонов колдорун коюшкан.

хххх


“Общественный рейтинг” гезити айрым эксперттерге кайрылып: “Сиз 2009-, 2010- жана 2011-жылдары Кыргызстанды кандай элестетер элеңиз” деген суроо бергенде саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев, Кыргызстанды башкаруунун ички да, тышкы да программасы жоктугунун айынан улам төмөндөгөндөн төмөндөп баратканын айтса, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев, эгер мурда Кыргызстан үчүн көп жакшы нерселерди тилек кылып келсе, бүгүн эптеп эле энергетикабыз турукташса экен, инвесторлорго эшик кенен ачылса экен, свет өчпөсө экен деген ой-тилектер менен гана жашап калганын, 2009-жылдан тартып майда чакан бизнес кедерине кетерин, кафелер менен дүкөндөр жабыла баштарын, бирок 2010-жылы бардык жерде тынч болорун, 2011-жылы Кыргызстан кайтадан өйдөлөөрүн айтты.

хххх

Гезит ошондой эле “Светтин кайта-кайта өчүрүлүшү сиздин жашоо-турмушуңузга кандай таасир этүүдө?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылган. “Интербилим” ресурстук борборунун Оштогу менеджери Гүлгакы Мамасалиева, коңшуларынын муздаткычтары, телевизорлору, кир жуугуч машиналары иштен чыкканын, эгер ушул көрүнуш улана берсе Кыргызстандын эң ысык аймагы болгон түштүктө тез бузула турган тамак-аш азыктарын сактоого мүмкүн болбой каларын, колунда барлар электрогенераторуна өтөрүн билдирген. Белгилүү өнөржай ишмери Орозбек Дүйшеев, энерготармактагы жетекчилердин түркөйлүгүнүн азабын эл тартып жатканын, жакшы жетекчи деген жасай турган ишин алдын ала көрө билерин, бүгүн абал толугу менен мына ушул тармактагы атка минерлердин күнөөсүндө экендигин айткан, Акыйкатчынын орунбасары Мамат Момунов “айрым өкмөт мүчөлөрүнүн айынан эмне үчүн Кыргызстандын эли азап тартышы керек?” деген суроо аны да кыйнап келатканын, анын ою боюнча өлкөнү ушул абалга апкелгендер бул бойдон кала бербей жоопко тартылышы керек деген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG