Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

17:32 Компартиянын Жалалабат облустук комитети согуш ардагерлерине орусиялык медалдарды тапшырды


Орусиялык коммунисттердин “Советтер өлкөсү үчүн!” деген төш белгиси облустун ар кайсы шаар-райондорунда жашаган экинчи дүйнөлүк согуштун он катышуучусуна тапшырылмакчы. 8-майда Компартиянын облустук комитетинин 1-катчысы Тагайбек Жаркынбаев аталган медалды Сузак районунда төшөктөн туралбай жаткан эки ардагерге тапшырып, денсоолук каалады. Облустук бийликтин район-шаарларга бөлүнгөн жооптуу кызматкерлери согуш ардагерлерине президенттин жарлыгы менен берилчү жөлөк пулдарды тапшырып жүрүшөт. Ушул тапта эртең болчу аскердик парадга акыркы даярдыктары көрүлүп жатат. Жеңиш күнү облустун бардык аймактарында белгилене турган болду. Атамекендик согушка Жалалабаттан 30 миңден ашык адам катышкан. Жети адамга Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Мындай маалымат облбийликтин маалымат кызматынан алынды. (YA)

XS
SM
MD
LG