Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

ЧЕГИРТКЕ ДЕГЕН “ЧЕПУХА” ЭМЕС...


“Агым” гезити айыл, суу жана кайра иштетүү өнөржай министри А.Ногоев менен Матрезерв башчысы П.Рахманов кагыша кетип, бул эки дөөнү элдештиргиче он күн өтүп-өтпөй эгин талааларын чегиртке каптап кеткенин, бутунан тишине чейин куралданган мыкаачылар Аксы талаасын фашисттердей каптап, андан учуп Ноокен, Алабуканы көздөй жайнап баратканын, дары чачканга учак таппай өкмөттүн эси ооп жатса, “эчки тууй албай атып койго арачы болуптур” дегендей кыргыздын эки самолету Тажикстандын талааларына дары чачып жүргөнүн, кыскасы чегирткелер жүздөгөн гектар буудай аянтын мойсоп жибергенин маалымдады.
Ушул эле гезит Казакстан бүтүп, кезек эми Өзбекстанга келгенин, мисалы бир эле Аксыда 9 талаш участогу, 131 тактала элек чыр жер барын, өзбек туугандар кыргыздын малын, машинасын камап, кара жанын кашайтып атканын кабарлады.


Жоромолдорго таянган бул гезит жакында каржы министрине А.Келдибеков, коргоо министрине Калыев, Чегара башчылыгына И.Исаков, Орусия элчисине М.Бакиев, Германия элчисине Ф.Кулов, Түп райакимдигине Ысыккөл губернаторунун орунбасары Алышбаев кудаланып жатканын жазып, ажонун генерал иниси Жаныш Бакиев 150гө жакын согуш ардагерине сый тамак жана баалуу белек бергенин кеп кылды.

“Аалам” гезитиндеги тепкедей маегинде ЖК депутаты И. Жунусов окуу жайларын менчиктештирүүгө каршы экендигин, белгилүү экономист Сапар Орозбаков дыйкан чарбаларды кооперативге бириктирүү азыркы Кыргызстандын шартында реалдуу эместигин, аны биздин экономиканын күңгөй-тескейин билбегендер айтып жатканын, “Ата Мекен Америка менен!” деген коомдук кыймыл эртең саат 10дон 12ге чейин Максим Горький аянтында пикет өткөргөнгө шаар бийлигинен уруксат алганын, Бишкек автокомбинатынын №3 автопаркына тиешелүү 5 гектар жерди шаар баштыгы Данияр Үсөнов 5 миллион сомго сатып ийген, өз жерибизди өзүбүз алабыз деп автокомбинаттагылар нааразы болуп атканын, ЖК төрагасы А.Мадумаров өкмөттүн өз гезиттери болгон “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо”, “Слово Кыргызстана” гезиттеринин ар бирине калк казынасынан 7 миллион сом бөлөрүн билдиргенин шардана кылды.

“Аалам”дагы минтип жазды: “Орусия 70 жылдык колониядан кийин эркиндикке ээ болгон Борбор Азиянын тизгинин кайрадан колуна алды. Путиндин тышкы саясаттагы эң эле чоң ийгилиги ушул болду. Ички саясаты мындан да дурус. Дүйнөлүк статистика Орусиядагы орточо айлык акылар 2000 доллардын тегерегин түздү деп айтып жатат. Миграция 60 пайызга, кылмыш 37, жумушсуздук 70 пайызга азайган. Кыскасы Путин 8 жылдык президенттик доорунда оонап жаткан Орусияны кайрадан ордуна олтургузду. Башмыйзамын бир ирет да оңдогон жок” деп баяндаган гезит кабарчысы Манас Осмон кыргыз саясаты деле Путиндин багытында баратканын, бирок өңүтү бир болгон менен, тышкы жана ички саясаттагы чалкештик, миграциянын токтобой улам күчөп атышы, экономиканы жеп-түгөтүп аткан мите курту, күн санап өсүп бараткан кылмыштуулук, билим берүүнүн начардыгы Бакиевди Путин болуудан алда канча алыстатып салганын, эң эле жөнөкөйү президент эл атасы катары бийликке жек көрүндү Текебаев баштаган оппозиция менен тил табыша албаганын, өлкөнүн Түндүк-Түштүк ажырымы жаңы бийиктиктерге жеткенин, ал эми укугу чектелген өкмөт менен парламенттин кейпи бузук телефонду элестетерин баян этти.

“Жаңы кылым” гезити учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзүндө өзгөчө кырдаалдар түзүлчүдөй абал пайда болгонун, анткени өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын жамааты менен Өзгөчө кырдаалдар министри К.Ташиевдин ортосундагы мамиле курчуп кеткенин белгилеп, ага атайын макала арнады.

Ушул эле гезит, жергиликтүү аткаминерлердин бут тосууларынын айынан улам инвесторлор Кыргызстандан кандайча качып жатканын далилдүү фактылар менен коштогон атайын макала басты. Жөнөкөй эле айыл өкмөт башчысынын кесепетинен Ысыкатага курула турган заводдордун бири Астанага курулуп иштеп жатса, экөөсү Тараз шаарында ишин баштаганы калганын мисалга тартты.

“Жаңы ордо” гезити ушул күндөрү 80 жылдык мааракеси белгиленип жаткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянына тиешеси бар макаланы “Фергана” аттуу басылмадан алып кыргызчалап жарыялалап жатканын эскертип, Айтматовдор учурунда Ноокаттын Толман деген айылында жашаганын, кийин Таласка ооп кеткенин кыйытты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG