Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:23

12:20 Президент коопсуздукту камсыз кылууга Кыргызстандын толук мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи


Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Курманбек Бакиев жеңиш күнүнө карата куттуктоосунда Кыргызстандыктар радикалдуу экстремизм менен террордук эмне экенин жакшы билишерин, Баткен окуясы алигиче элдин эсинде калганын белгиледи. Бакиев: “Биздин негизги милдет - элдин тынч жашоосу үчүн жергебизге тыштан кол салуу аракеттерге, ар кандай басып алуучулукка каршы дайыма даяр туруу. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга Кыргызстандын бардык жактан толук мүмкүнчүлүктөрү бар”,-деди. Өлкө башчысынан кийин согуш ардагерлеринин атынан Кыргыз эл баатыры Асанкан Жумакматов, Бишкек аскердик жогорку окуу жайынын тарбиялануучусу Азамат Качкынбаев дагы майрамдык куттуктоолорун билдиришти. Митинг-реквиемди Бишкек гарнизондук аскер бөлүктөрүнүн жоокерлеринин маршы коштоп, Жеңиш аянтында орнотулган талаа ашканасында ардагерлерге аскердик ботко, бир кесим кара нан, фронттук жүз грамм арак берилди. Майрамдын урматына Борбордук аскер үйүнүн жана Коргоо министрлигинин оркестри, чыгармачыл жамааттар концерттик программа тартуулашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG