Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

ЭЧ КИМ, ЭЧ КАЧАН УНУТУЛБАЙТ (Сүрөт баян)


Улуу Жеңиштин 63 жылдыгына карата митинг-реквием бүгүн Бишкектеги «Жеңиш» аянтында өткөрүлдү. Ага президент Курманбек Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Коргоо министрлиги тарабынан аянтка талаа ашканасы уюштурулуп, ардагерлерге аскердик сый тамак берилди. Ушундай эле эскерүүлөр Кыргызстандын башка облустарында да уюштурулду. Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда башталган. 1945-жылдын 9-майында фашисттик Германиянын капитуляция болгону тууралуу келишимге кол коюлган.

Ата мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандыктар катышып, алардын 73 Советтер союзунун баатыры, жыйырмадан ашууну Даңк орденинин толук ээси болушкан. 130 миңден ашуун адам согуштан кайтпай калган.













XS
SM
MD
LG