Жалалабат шаар башчылыгына талапкерди көрсөтүү боюнча президенттин өкүлү болуп президенттик администрациянын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты боюнча бөлүмдүн мамлекеттик инспектору Байышбек Жуманазаров бекитилди. Шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу иштери Борбордук шайлоо комиссиясына жана Жалалабат шаардык кеңешине тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарланды. (ZMa)