Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

ЭЛ ҮНҮ: ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТТӨР


“Эл үнү” уктуруусуна бул жолу кайрылгандар жер-жерлерде жол кире кымбаттап, айыл-айылдар катташа албай калышканын, азык-түлүк кымбаттыгы барган сайын элди жүдөтүп баратканын, маалматты чагылдырууда калпыстыктар кетип жатканын, бүгүнкү саясий кырдаал тууралуу айтышты.

Нарын облусундагы кабарчыбыз Күмөндөр Усуптегинге жергиликтүү тургундар кайрылып, айылдардан Нарын шаарына келген жарандар кайра үйлөрүнө кете албай калып жатышканын, анткени айдоочулар күйүүчү майлар кымбаттаганын айтып бааларды көтөрүп жиберишкенин, кымбатчылык кыйнап бүткөнүн айтышкан. Орток айылынын тургуну Кадырбек Бейшембиев да акчасы жетпей калып жолдо калганын, тапкандары тамак-ашка да жетпей жатканда жолго акча табуу мүмкүн болбой калганын айтат. Жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүнө Нарын районунун акими Ишенбек Медетов жооп берип, жергиликтүү бийликтер бул маселени чечүү үчүн иш алып барып атышканын билдирди.

Ошондой эле Нарын облусундагы Коммунисттик партиянын мүчөлөрү кайрылышып, парламентте отурган коммунисттер туура эмес иштерге аралашып калып жатышканын айтышты. Коммунисттер партиясынын мүчөсү Таалайкүл Жусубалиев дагы мындай пикирин айтып, “коммунисттер ыплас иштерге аралашпай, коммунисттердин аброюна шек келтирбей, мандаттарын таштап чыгып кетишсин”,- дейт. Ушундай эле пикирин Нарын шаар тургуну Кенже Сатыбалдиева да билдирет.

Ал эми Жалалабад облусунун айрым тургундары дагы деле болсо Ысыккөлдүн Түп районундагы жөө жүрүштүн тоскоолдуктарга учурашын айыпташууда. Жалалабад шаар тургуну Иличбек Нарматовдун пикиринде, бийлик өкүлдөрү Түп районунда жөө жүрүшкө чыккан оппозицияны жумурткалар менен ургулаткандан көрө, аларды кедей-кембагалдарга беришсе болмок. Сузак районунун жашоочусу Тотомат Акынбеков болсо, барган сайын кымбатчылык элди муунтуп баратканын, жерлерди айдоо мүмкүн болбой калганын, анткени жер айдоо абдан кымбатка туруп калганын айтат.

Сокулуктан байланышка чыккан Өндүрүш Токтоназаров бүгүнкү саясий абал, кыргыз жерлеринин башкаларга кетип жатканы, “Ак жол” партиясынын ишмердүүлүгү тууралуу айтты. Анын айтымында, кыргыздар азыр эмнегедир кайдыгерлик кылып жатышат. “Каркыра, төрт пансионат сыяктуу кыргыздын жерлери эмне Текебаевге же Шерниязовго керек беле. Намысыбыз болсо четте карап турбашыбыз керек болчу. “Ак жолчу” депутаттарга ишенич жок”,- дейт Өндүрүш Токтоназаров.

Угарманыбыздын мындай тынчсыздануусуна мурдагы депутат, “Атамекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жооп берип, бүгүнкү “Ак жол” партиясы мамлекетке эмес өзүнө-өзү гана иштеп туруп алганын айтып, башка өнүккөн өлкөлөрдө бийлик мындай иштебесин билдирди.

Ал эми “Эл үнүнө” кайрылган Базаркоргондук Төрөкан Алимов, өлкөдө негизги маалымат каражаттары маалыматтарды бир жактуу чагылдырылып, сөз эркиндиги чектелип жатканын айтты.

Сөз эркиндиги жаатында “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев жооп берди. Анын пикиринде, Кыргызстанда сөз эркиндиги жаатында эч кандай тоскоолдук жок. “Кайра тескерисинче бүгүн сөз эркиндигинин өнүгүшү үчүн кеңири шарттар түзүлгөн заман келди”,- десек болот дейт ал.

XS
SM
MD
LG