Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Зимбабвенин оппозициясы президенттик шайлоонун экинчи айлампасына катышат


Зимбабве оппозициясынын лидери Морган Тсвангирай президенттик шайлоонун экинчи айлампасына катышаарын маалымдады. Морган Тсвангирай - өлкөнүн азыркы президенти Роберт Мугабэнин атааңдашы. Зимбабведе март айында өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Морган Тсвангирай эң көп добуш алып, бирок толук жеңиши үчүн керек болгон 50 пайызды ала албай калган. Түштүк Африкада сүйлөгөн сөзүндө Тсвангирай Зимбабвеге кайтарын жана президенттик шайлоонун экинчи айлампасына катышаарын бышыктады. Президенттик шайлоо 24-майда өтөт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG