Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты акын Атантай Акбаров Түркиянын Кония шаарына Махмуд Кашгаринин урматына өткөрүлүп жаткан түрк тилдүү акындардын эл аралык фестивалына чакыруу алды. Ошондой эле акын Атантай Акбаровдун “Тирүү Мекен” аттуу 22 басма табак көлөмүндөгү жаңы китеби да чыкты.
Гапар Айтиев атындагы Улуттук музейде 8-майда ХIX-XX кылымдардагы дүйнөлүк импрессионист сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Аталган көргөзмөгө Ван Гог, Поль Гоген, Камиль Писсаро, Пабло Пикассо өңдүү импрессионист сүрөтчүлөрдүн сүрөт эмгектери коюлган.
Ал эми Улуттук музейде ачылган Жаз көргөзмөсүнө жалаң Эл сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлду.
Улуттук китепканада акын Барктабас Абакировдун китептеринен турган китеп көргөзмөсү ачылды.
9-майда Бишкектин Жеңиш аянтында Улуу Жеңиштин 63 жылдык майрамы салтанаттанды. Согуштун жана тылдын ардагерлерине Ички иштер министрлиги тарабынан майрамдык үлпөттөр уюштурулуп, аянтка келалбаган оорулуу ардагерлерге “Кадырман” медалы жана белек-бечкектер үйлөрүнө жеткирилди.
Италиялык атактуу композитор Антонио Вивальдинин “Аргиппо” операсы 278 жылдан бери биринчи ирет Чехиянын борбору Прагада ишемби күнү коюлду. Улуу композитордун аталган операсы алгачкы жолу да Прагада 1730-жылы коюлган эле.
Сирия мамлекети Иракта Саддам Хуссейндин бийлиги кулагандан кийин талоонго учураган 700дөй байыркы баалуу эстеликтерди Ирактын Багдаддагы Улуттук музейине кайрып берди.
12-майда Пушкин музейинде италиялык ренессанска жаткан “Антея” аттуу бир картинанын көргөзмөсү өтөт. Италиялык атактуу сүрөтчү Джироламо Маццоланын бул эмгеги Москвага Капо дел Монто неаполитандык музейинен алынып келинмекчи.