Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:59

А. ИМАНАЛИЕВА: “Р. РЫМБАЕВА МЕНЕН КАТАР ЫРДАШКАНЫМА СЫЙМЫКТАНАМ”


“Азаттыктын чыгармачылык кечесинде” бул сапар көрүнүктүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева Роза Рымбаевага акы төлөп бере албай кыйналгандыгы, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнүн эстрада ырчыларын алакчылоосу тууралу ачык cөз кылат.

Алып баруучу: - Айчүрөк Иманалиева “Мыскыл жана тамаша” берүүсүндө ырдап чыккан бир ыры менен бир жума ичинде эле жалпы Кыргызстанга таанылганын рахаттануу менен эскерди.



Айчүрөк Иманалиева: - А кезде Тарас Асанакунов деген композитор өзүнүн эстрадалык тобун ачып калды. Мага “Роза гүлү” аттуу ырын сунуштап, ал ыр бир жумага жетпей ушунчалык популярдуу болуп, аз эле убакытта кыргыз элинин сүйүктүү ырчысы болуп калдым, Кудайга шүгүр. Мен август айында өзүмдүн эстрада театрым менен бир чоң концертимди берейин деп атам. Азыр өзүмдүн китебим чыгып атат. Ошол концертте “Роза гүлү” менен “Кызыл гүлдү” кайрадан жаңыча ырдап чыгам.

Алып баруучу: - Ырчыларга суроолор дайыма көп болот. Чоң кыз, сен сурооңду узат.

Айгүл: - Айчүрөк эже, Роза Рымбаева менен сизди айрыкча эмне жакындаштырат?

Айчүрөк Иманалиева: - Бизди сахна, ыр дүйнөсү гана жакындатат. Эки ай мурда биргелешип өткөргөн төртүнчү концертибизди бердик. Аншлаг болуп, белеттин баасы 500 сомго чыгыптыр. Роза Рымбаеванын менин концертиме келиши, ушул жерде кичине мактанып коёюн, менин эстрада ырчысы катары адистик чеберчилигимди баалагандыктан улам болсо керек. Мен миллионер эмесмин, Рымбаевага каалаган акчасын бере албаймын. Бир мисал айта кетейинчи, мындан эки жыл мурда биринчи жолу аны чакырган кезде, концерттен кийин айлам куруп, көздөрүм тептегерек болуп тиктеп калбасмынбы эжени. Ал көп менен иштешкен, көптү көргөн киши да. “Не болды, Айчүрөк?” – деди байкап калып. “Эже, акчам жок болуп атат...” – десем, “Айчүрөк, Сен ага кейибегин, экөөбүздүн ортобузда акча роль ойнобош керек. Мен кыргыз элин, кыргыздын сендей ырчысын ушунчалык сыйлаймын!” – деп көңүлүмдү жайгарып койду. Ошондо адамгерчилигине да багындым. Азыр колдон келишинче төлөймүн.

Алып баруучу: - Айчүрөк, Роза Рымбаеванын ырдаганын биринчи жолу качан уктуң эле же көрдүң эле? Азыр минтип тең-катар ырдап атасыңар! Анын мамлекеттик сыйлык-наамдары абдан көп. Сен анын алдында ыңгайсызданбайсыңбы?

Айчүрөк Иманалиева: - Мен алгачкы ирет Роза Рымбаеваны экинчи же үчүнчү классымда Россия телеканалынан көрүп сүйүп калгамын. Анда СССрдин убагы. Азыр ошо киши менен катар ырдашканыма, албетте, сыймыктанам. Баары бир бизде атаандашуу деген неме бар да. Сахнага чакырган кезде, башка айрым учурларда ыңгайсыздыктар болот. Бирок, мен: “Роза эже, мага наам бербей атышат ушинтип...” - деп кантип айтам. Анда өз өлкөмдү каралаган болуп калбайымбы.

Түпкүлүгүндө бул маселе жүрөктү аябай өйүйт. Бу да болсо – чындыктын жоктугу, кыраакылыктын аздыгы, туугандашуунун, аке-жакеликтин доор сүрүп тургандыгы. Улуу сөздө уят жок дейт, анан да азыр үнү болбосо да, шыйрагы узун болсо эле – ошондой кыздар ардап, жыргап калбадыбы.

Алып баруучу: - Эң негизгиси, ырдап турган убакта ырдай гана бериш керек булбулдай болуп. Булбулдар сыйлык-наам сурабайт чын эле.

Айгүл: - Эстраданы жеңил баалаган бийлик адамдарынын пикирине эмне дээр элеңиз?

Айчүрөк Иманалиева: - Эстраданы кыргыздар ойлоп тапканы жокпуз да. Бүткүл дүйнөдөгү эл каалаган жанр. Ошондуктан бул жанрды өгөй бала катары көрүш – туура эмес, кыргызчылык. Эмне үчүн чоң-чоң эл аралык конкурстарга чыгарышпайт бизди. Бул өкмөттүн туура эмес мамилеси. Кээде угуп калып итиркейибиз келет, Ташкендеби, Алматыдабы, өкмөт тарабынан уюшулган, резиденцияларда өткөн ар кандай кечелерге, бая мен айткандай, үнү болбосо да, шыйрагы узун, ойсолоңдогон ырчы сөрөйлөр алпарылат экен. Бул биздин трагедиябыз. Кыргызстандын ырчылары деп – ошолорду жар салышат экен. Ошентип, жакшы ырдаган ырчылар көмүскөдө гана калууда.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG