Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:17

БЭЭЖИНГЕ ОН АЛТЫНЧЫ ЖОЛДОМОНУН ЭЭСИ -КАНАТ БЕГАЛИЕВ


Италиянын борбору Рим шаарынан кыргызстандык спорт күйөрмандарын сүйүнткөн кабар келди. Мында грек-рим күрөшү боюнча жеңүүчүлөргө Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык Гран-при мелдешинде Кыргызстандын намысын коргогон Азиянын чемпиону, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев мөрөй алуу менен Бээжинге 16 -жолдомону утуп алды.

11- майда Римде грек-рим күрөшү боюнча Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык мелдештин жыйынтыкталды. Мында Кыргызстандын намысын 55 кг. салмакта жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Азиз Бейшалиев, 66 кг салмакта Азия чемпиону Канат Бегалиев, 74 кг салмакта Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөнов, 84 кг салмакта жаштар арасында дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев жана 96 кг салмакта Азат Эркинбаев коргоду.

Бээжинге жолдомо алуу үчүн балбандар болгон мүмкүнчүлүктөрүн, бардык күч-кубатын жумшады. Натыйжада 66 кг салмакта өлкө намысын коргогон Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев беш жолу килем үстүнө чыгып, төрт ирет жеңишке жетишип, коло байге менен кошо Бээжин олимпиадасына жолдомо утуп алды.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында Бээжинге жолдомо алган Кыргызстанга, ал түгүл Азияга, дүйнөгө таанымал балбан Канат Бегалиев жыйырма төрт жашта, балтыр эти толуп, баралына жетип турган учуру. Канат 2006-жылы Кытайда өткөн дүйнө чемпионатында финалда калыстардын айынан күмүш медаль тагынууга аргасыз болгон. Ошондой эле ал былтыр Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын байгелүү болуп, Азия чемпиону аталган.

Азия чемпиону Канат Бегалиев Римдеги мелдеште алгач грузиялык Георгес Букисти утуп, андан кийин орусиялык балбан Сергей Коваленкого аз упай менен утулган. Бирок Сергей финалга чыккандыктан Канат үчүнчү беттешүүсүндө даниялык Фредрих Екстромду жеңип, коло байге үчүн таймашууда өзбекстандык атаандашы Рафшан Рузикуловду утуп, үчүнчү орунду ээлеп, Бээжинге жолдомо алды.

Кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн Азиянын эки жолку чемпиону Данияр Көбөнов бул ирет актай албады. Ал эстониялык атаандашы Эрик Апске аз упай менен алдырып коюп, таймаштан чыгып калды. Бирок Даниярдын дагы бир мүмкүнчүлүгү бар. Майдын аягында Сербияда өтө турган эл аралык турнирда дагы Бээжинге жолдомо алууга аракет кылат.

55 кг салмакта күрөшкөн жаштар арасында дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Азиз Бейшалиев казакстандык Эрбол Коңуратовдон утулуп, жаштык кылып койду.

Ал эми 84 кг салмакта жаштар арасында дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев алгач румыниялык Роберт Папты утуп, чейрек финалга чейин фин балбаны Кимюси Нурмелону дагы жеңип, коло байге үчүн таймашта хорбатиялык Ненат Зюгайга алдырып коюп, Бээжин олимпиадасына жолдомо алууга бир кадам калганда колдон алдырганы болду.

96 кг салмакта Азат Эркинбаев түркиялык Мехмед Озалга утулуп, күрөштөн четте калды.

Өлкөнүн грек- рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касеновдун
айтымында Бээжин олимпиадасында кыргызстандык балбан Канат Бегалиевдин негизги атаандаштары ирандык, түркиялык, кытайлык, кореялык жана европалык балбандар болот.

-Алар менен теңтайлашып, мөрөй алуу үчүн жогорку чеберчилик, спорттук жана психологиялык мыкты даярдык керек, -дейт Алмаз Касенов.

Даңазалуу Төлөш балбандын небереси Канат Бегалиев 1984- жылы Таласта жарык дүйнөгө келген. Грек-рим күрөшүнүн алгачкы ыкмаларын Таластагы биринчи машыктыруучусу Ороз Шаршакеев үйрөткөн. Чоң спорттун эшигин ачып, бийиктиктерге жетелеген устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мейрамбек Ахметов. Канат өлкөнүн биринчилигин бир нече ирет жеңип алууга жетишкен. 2001- жылы уландар арасында Азия чемпионатында баш байгени утуп, алтын медаль тагынган.

2004- жылы жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медалдын ээси болгон. Ушул жылы Ташкентте өткөн эл аралык турнирде экинчи орунду камсыз кылуу менен Афина олимпиадасына жолдомо алган. 2004- жылы Афина олимпиадасында намыс талашып, дүйнөдөгү атактуу балбандарга каршы туруп 8- орунга жетип, дүйнөнүн 10 мыкты балбанынын бири аталган.

Канаттын атасы Кубат Бегалиевдин айтымында Канаттын чоң атасы Борбор Азияга таанымал балбан болгон, эки бир тууганы да спорт чебери. Атасы Кубат дагы учурунда кыргыз күрөшү боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону болгон. Канаттын ата-теги анык балбандын тукуму.

Учурда кыргызстандык 16 спортчу Бээжин олимпиадасына жолдомо алышты. Алар: эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору Базар Базаргуриев, Алексей Крупняков жана Арсен Гитинов, грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиондору Руслан Түмөнбаев менен Канат Бегалиев, суучулдар Юрий Захаров менен Василий Данилов, Азиянын эки жолку чемпиону, велоспортчу Евгений Ваккер, бийиктикке секирүү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону Татьяна Ефименко менен марафончу Юлия Архипова, таэквондо боюнча Расул Абдураим, эл аралык бокс чебери Асылбек Таласбаев, мылтыктан ок атуу спорт чебери Руслан Исмаилов жана фехтование боюнча Сергей Кочурин, дзю-додон Елена Проскуракова Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, даярдык көрүп жатышат.

Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык турнирлер, Азия, дүйнө чемпионаттары июнь айына чейин болмокчу. Кыргызстандык спортчулардан дагы олимпиадалык оюндарга жолу ачылышы ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG