Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:16

МЬЯНМАГА АЛГАЧКЫ АМЕРИКАЛЫК ГУМАНИТАРДЫК УЧАК БАРДЫ


Мьянма өкмөтү көбүрөөк гуманитардык жардам кабыл алууга көнө баштады. Дүйшөмбүдө Рангун шаарына алгачкы америкалык гуманитардык учак конду. Мындан 10 күндөй мурун орун алган табигый кырсыктан курман болгондордун саны, расмий маалыматтарга ылайык, 28 миң кишиге жетти. Мьянманын бийликтери гуманитардык жүктү өтө жай таратып, эларалык уюмдарга жардамды жеткирүүгө уруксат бербей жатат деген сынга кабылган эле.

Мьянма өкмөтү Наргис ураганынан набыт болгондордун саны 28 миңдин айланасында деп маалымдаса, эларалык кайрымдуулук уюмдарынын ырастоосунда кырсык 100 миңге жакын кишинин өмүрүн алып кетти. Циклондун эртеси эле бир катар өлкөлөр өз жардамын сунуш этишкен.

Бирок Мьянма бийлиги чет өлкөлүк гуманитардык кызматкерлерге өлкөгө кирүүгө уруксат бербей, кырсыктан жабыркагандар жардамсыз калышты.
Мьянманын аскерий режими гуманитардык жардамды өз күчү менен жеткирип жатканын ырастап келгени менен, иш жүзүндө аны уюштурууда кудуретсиз болуп чыкты.

Кабар агенттиктери урагандан аман калгандар жолдордун боюна тизилип, эң негизги тамак-аш, дары-дармек күтүп жатышат деп маалымдашууда.

Дүйшөмбүдө Таиланддын аба базасынан алгачкы америкалык аскерий транспорттук учак Рангун шаарына гуманитардык жүк жеткирип барды. Бирок анын алдында Вашингтон менен Рангун ортосунда интенсивдүү сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. АКШ Мьянмадагы адам укуктарынын бузулушун катуу сындаган өлкөлөрдүн бири экенин эскерте кетүү зарыл.

11-майда алгачкы чет өлкөлүк соопчулук уюмуна гуманитардык жардамды таратууга уруксат берилген.
Таза суунун, азык-түлүктүн тартыштыгы, жугуштуу орулардын коркунучу урагандан каза болгондордун саны дагы өсөт деген кооптонууну жаратпай койгон жок.

-Оксфам Мьянмадагы гуманитардык абалга абдан тынчсызданат. Кайрымдуулук агенттиктерине өлкөгө кирүүгө уруксат берилбей жатканы бизди өзгөчө камтама кылат, - деген жекшембиде Оксфам соопчулук уюмунун басма сөз өкүлү Ян Волвертон.

Мьянманын Бангкоктогу элчилиги алдында виза алууга аракеттенген чет өлкөлүк гуманитарыдк кызматкерлерди ушу тапта көп жолуктурса болот. Алардын бири - Эларалык куткаруу комитетинде иштеген франциялык дарыгер Пьер Фуйаң:

-Франциялык бир аял келип, туристтик виза сурады. Ага 3 күндөн кийин келип алсаңар болот деп жооп беришти. Көрдүңөрбү, гуманитардык жардам үчүн виза жок, туристтик визаны болсо дароо беришет.

Мьянманы башкарган аскерий хунта эларалык уюмдардын өкүлдөрү анын бийлигин алсыратып коюшат деп чочулоодо.

Өткөн бейшембиде Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун гуманитардык миссия саясий максатты көздөбөйт деп, Мьянма өкмөтүнө кайрылды:

-Улуттар уюмунун гуманитардык кызматкерлери эч кандай саясий дебаттарга аралашпайт деп ишендирем. Биз адамдардын өмүрүн сактап калуу жөнүндө сөз кылып жатабыз.

Мьянмага көргөзүлүп жаткан жардамды координациялоо үчүн Европа комиссиясы 13-майда атайын жыйын өткөргөнү жатат.

XS
SM
MD
LG