Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

ФУТЗАЛ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ЧЕЙРЕК ФИНАЛГА ЧЫКТЫ


Бул күндөрү Тайланд өлкөсүнүн борбору Бангкок шаарында футзал боюнча Азиянын чемпионатында тандалган 16 мамлекеттин командалары чемпиондук үчүн күч сынашып, төрт мамлекет бирден топ болуп беттешип жатышат. Жекшембиде “А” тобунда Кыргызстан менен Индонезия өлкөлөрүнүн футболчулары --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/05/0EBF782C-281D-4098-B805-32E4473EEB6D.asp беттешип, кыргызстандыктар 5:1 эсебинде утуп алышты. Ал эми кечээ 12-майда Ирактын командасы менен мөрөй талашып, аларды дагы 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Бүгүн 13-майда талаа ээлери тайланддыктар менен таймашууга чыгышат.

11-майдан 18-майга чейин Бангкокто футзал боюнча Азиянын чемпионатынын беттешүүлөр болууда.

Футзал боюнча Азия чемпионатында 16 команда 4топко бөлүнүп, адистердин айтымында курч таймашуулар болууда.

“А” тобунда 11-майда Кыргызстан Индонезия менен беттешип, мында кыргызстандык чабуулчу Нуржан Жетибаев 5 жолу топту атаандаштардын дарбазасына таамай тээп киргизди. Ошондой эле чабуулчулар Марат Думанаев, Азамат Меңдибаев жана Данияр Абдраимов да айырмаланды.

Кечээ 12-майда кыргызстандыктар Ирактын футболчулары менен мөрөй талашып, натыйжада 8:0 эсебинде кыргызстандык жигиттер жеңишке жетишип, чейрек финалга чыгышты.

Эми бүгүн 13-майда кыргызстандык футболчулар талаа ээлери Тайланд менен таймашууга чыгат.

"В" тобундагы атаандаштар Жапония, Австралия, Түркмөнстан, Тайван болсо, жапондуктар эки ирет жеңишке жетишип, чейрек финалга чыгышты. Ошондой эле австралиялык футболчулар дагы эки ирет жеңип, чейрек финалда ойномок болушту.

Ал эми "С" тобу мөрөй талашып Өзбекстан, Ливан, Корея, Малайзия командаларынан ливандыктар менен өзбекстандыктар лидер болушууда.

"Д" тобунда Иран, Тажикстан, Кытай, Кувейт беттешип, Азиянын 8 жолку чемпиону Иран өлкөсү топ башында турат. Алар кытайлыктарды 8:1 эсебинде утуп чейрек финалга чыгышты. Ал эми Тажикстандыктар кытайлыктарга 9:0 эсебинде утулганы менен экинчи беттешүүдө кувейттиктерди 6:4 эсебинде жеңип алышты.

«Заман-Кыргызстан» жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин айтымында, өлкөдө футзалдын таасири артып, Азиядагы мыкты команданын катарына кошулду. Кыргызстандын аракетине Эл аралык футбол федерациясынын жана Азия конфедерациясынын адистери жогору баа берип жүрүшөт.

Эми бүгүн оюн ээси тайланддыктар менен таймашуу курч мүнөздө өтчүдөй.

- Биздин аттаандаштардан эң күчтүүсү Тайланд өлкөсүнүн командасы. Алардын 7-8 оюнчусу Европанын мыкты клубдарында ойнойт. Жылына алар Жапония Ирандан кийинки үчүнчү, төртүнчү орундарды утуп, ийгилик жаратып келатат. Ошондой эле быйылкы Азия чемпионатын өз жеринде өткөрүп жаткандыктан тайланддыктар да негизги аттаандаштардын бири. Бирок биздин жигиттердин даярдыгы дурус, өздөрү намыскөй.

Быйылкы Азия чемпионатына өлкөнγн тандалма командасынын даярдыгы жана таймашуулары тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясынын жетекчилеринин бири Медет Букуев буларды айтып берди:

-Мурда Ирандан футзал адистерин чакырып, алардын тажрыйбаларын γйрөнгөнбγз. Ошонун пайдасы тийип, өлкөдө бул спорттун өсγшγнө салым кошту. Коңшу Казакстан менен бирге ойноо дагы жигиттердин чеберчилигин жогорулатты. Эми Индонезияны уткан менен Иракты менен жарым финалдык таймашуу абдан курч мүнөздө өтчүдөй.

Бангкокто Азия чемпионатына катышып жаткан Кыргызстандын футзал командасынын катарында 16 жигит өлкө намысын коргоп жатышат. Кыргызстандык мыкты оюнчулар Марат Думанаев, Нуржан Жетибаев, Таалайбек Жуматаев, Дилшат Кадыров, Евгений Малинин жана Данияр Абдраимов Азия чемпионатында айырмаланып, атаандаштарына топ киргизип, футбол адистеринин көңүлүн бурууда.

Эми 15-майда чейрек финалдык оюндар өткөрүлөт. 16-майда үчүнчү орун үчүн беттешүүлөр болот. Азия чемпиондугу үчүн футзал таймашуусу да 18-майда кечинде өткөрүлүп, жеңүүчү аныкталат.

Кыргызстандын футзал командасы үч ирет финалга жетип, мурдакы жылдары өлкө тарыхында алгач ирет Азия чемпионатынын коло байгесин уткандан бери Азия аймагында негизги атаандаштардын бири катары кабыл алынып келет.

Кыргызстандын футзал асоциациясынын вице-президенти Адылхан Бекболотовдун айтымында эгерде Кыргызстандын командасы быйылкы Азия чемпионатында жарым финалга жетсе, анда футзал боюнча Бразилияда өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо берилет.

-Эмки максат - жарым финалга чейин жетип, дүйнө чемпионатына жолдомо алууга жигиттерди шыктандырып, намысын бүлөп жатабыз.

Эсиңерге сала кетели: Нуртазин Жетибаев жетектеген кыргызстандык футболчулар былтыр Жапонияда, жарым финалга чыгуу таймашында жапондорго 1:0 эсебинде жеңилип калган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG