Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

ОРУСИЯ: ЖАҢЫ ӨКМӨТ ЭСКИ БИЙЛИК ЭСЕБИНЕН ТҮЗҮЛДҮ


Орусияда жаңы өкмөттүн курамы бекитилди. Бирок өткөн аптада премьер-министрликке келген мурдагы президент Владимир Путиндин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/4439E569-7E92-4FDD-BB89-7BEDC7A36ABA.asp өкмөтүндө жаңы адамдар саналуу эле, басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле анын жердештеринен турат. Эски өкмөттө чечүүчү кызматты аркалагандар, анын ичинде тышкы иштер, ички иштер, коргоо, экономика каржы министрлери өз кызматтарына кайрадан дайындалды.

Орусиянын жаңы өкмөтүндө мурункудан айрымаланып бул ирээт вице премьер-министрлердин саны көбөйдү жана алардын аткаруучу иштери алмашты же толукталды. Путин мындай жаңылыкты техникалык өзгөрүү деп мүнөздөдү:

-Орусия Федерациясынын өкмөт башчысынын орун басарларынын саны көбөйдү. Өкмөт башчысынын эки биринчи орун басары, үч орун басары болот. Өкмөт башчысынын орун басары - өкмөттүн аппарат башчысы, өкмөт башчысынын орун басары - каржы министри.

Муну менен азыркы орус өкмөтүндө вице-премьер-министрлердин саны жалпысынан жетиге жетти. Алардын айрымдары өкмөт үйүнө Путин менен кошо Кремлден келишти. Алсак биринчи орун басарлыкка мурдагы премьер-министр Виктор Зубков кошо Путин президент кезинде анын экономикалык жана административдик реформа боюнча жардамчысы кызматын аркалаган Игорь Шувалов дайындалды. Ошондой эле Путиндин администрациясынын мурдагы башчысы Сергей Собянин менен ага орун басар болуп иштеген Игорь Сечин да вице-премьерликке келишти. Сергей Собянин эми өкмөт аппаратын жетектей турган болду.

Москвалык саясий аналитик, Вашингтондогу "Мурас" фондунун жергиликтүү кеңсесинин директору Евгений Волктун пикиринде, Путиндин жаңы делген өкмөткө өзү менен кошо Кремлде иштеген адамдарды алып келгени ал эми премьер-министр катары да бийликти колдон чыгарбоону көздөгөнүн ачык каңкуулоодо:

-Бул өкмөт бийликтин кубаттуу борборуна айланып, ал эми Кремль администрациясы маанилүү деңгээлде алсызданып жатканын айныксыз көргөзүүдө. Анткени Собянин жана Сечин өңдүү чечүүчү фигуралар Путин менен кошо өкмөткө кетип жатат. Бул бийлик өкмөттүн пайдасына бөлүштүрүлгөнүн белгилүү бир деңгээлде чагылдырууда. Ал нерсе Дмитрий Медведев президенттикке шайлангандан кийинки акыркы айларда жана бийликтин андан кийинки өткөөл мезгили ичинде башталган.

Кезинде Дмитрий Медведев менен бирге Путиндин мураскери болушу ыктымал деп каралган Сергей Иванов азыркы өкмөттө премьер-министрдин катардагы гана орун басары болуп калды. Өкмөт башчынын мурдагы орун басарларынан Александр Жуков да кызматын сактаса, каржы министри Алексей Кудринге вице-премьерлик статус берилип олтурат.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Анатолий Сердюков, ички иштер министри Рашид Нургалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу да орундарында калышты. Юстиция, байланыш жана коммуникация, маданият министрлери алмашты. Жаңы өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү Путиндин кичи мекени - Санкт–Петербургдан чыккандар.

Москвалык саясий аналитик Евгений Волк өкмөт мүчөлөрүн дайындоо боюнча формалдуу жараян кынтыксыз өткөндөй көрүнгөнү менен президент Медведев менен премьер-министр Путиндин ортосунда алдыда карама-каршылык болушу ыктымал экенин да жокко чыгарбайт:

- Аларды ортосунда карама–каршылыкты, билесизби, мен бир маселе - инфляция боюнча жокко чыгарбайм. Эгер баанынын учурдагыдай өсүүсү уланса, менимче, азыркы экономикалык саясатта андан качуу мүмкүн эмес, Медведев үчүн садагага чабылуучуну табууга туура келет. Ал ( садагага чабылуучу) өкмөттүн премьер-министри болуп калышы мүмкүн.

Кечээ ошондой эле Орусияда өкмөттөн тышкаркы кызматтарга да дайындоолор жүргүзүлдү. Теги боюнча питерлик Сергей Нарышкин Кремлдин администрация башчылыгына келди. Николай Патрушев ФСБнын директорлугунан Коопсуздук кеңешинин катчылыгына которулду. ФСБнын директорлугуна мурда ушул мекемеде орун басарлык кызматты аркалаган генерал-полковник Александр Бортников дайындалды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG