Азыркы күндүн эң көйгөй маселесинин бири чегирткелер менен күрөшүү болууда. “Агым” гезити аркылуу ушул маселени көтөргөн депутат Бегалы Наргозуев жылына чегирткелер менен күрөш жүргүзүү үчүн Евробиримдик Кыргызстанга 8 миллион евро каражатты грант катары берип келатканын айтты. Чын-чынына келгенде бул каражат менен биздин жердеги чегирткенин тукумун курут кылып жок кылса болорун, анын шайлоочулары март айында эле чегиртке кыртышка личинкаларын таштай электе күрөшөлү деп телефон чалышканын, бирок трактор даяр болгону менен күйүүчү май, жумушчулар үчүн айлык акы чечилбей жата берип бүгүнкү күнгө келгенин, ошондон улам кокус Кыргызстанда чегирткелер тукум курут болуп кетсе Евросюз 8 миллион еврону жыл сайын бербей коерун билген коррупционерлер атайылап жасап жатабы деген ойго келгенин, ушу тапта Аксынын 30 миң гектар айдоо аянтын каптаган чегиртке эми Ноокен, Лейлек, Кадамжай райондорун эч кандай каршылыксыз басып киргенин каңыргы түтөп кеп кылды.
“Белый пароход” деген ат менен чыгып келатып, жакындан бери “Белый парус” деген ат менен жарык көрө баштаган орус тилдүү гезит да мына ушул чегиртке маселесине кайрылып, мындай апаатка коңшулаш Тажикстан да туш болгонун, кокус алдын албаса өлкөнүн буудай корун тыптыйпыл жок кылып кетерин белгилеп, алтургай ага байланыштуу БУУ добулбас какканын, ушу күндөрү Тажикстандын 200 миң гектарга жакын талааларын чегиртке басып, ансыз да 7 миллион калкы бар бул өлкөнү быйыл сел каптоо, жер көчкү кырсыктары да тооруп келатканын маалымдады.
“Де-Факто” гезити “Бул жашыруун келишимге президент К.Бакиев кол койууну каалаган эмес, бирок аны жарга такашкан. Анын үстүнө шайлоо алдында президент революционерлердин этегине намаз окуп аткан убагы болучу” деген үзүндү менен 1-бетин ачуу менен “Акүйдүн 7-кабатындагы жашыруун келишим” деген тема алдында 2005-жылдын 18-майында, Бишкекте К.Бакиев, Ф.Кулов, А.Мадумаров, Ү.Сыдыков-телефон аркылуу макулдашкан, М.Ниязов, А.Матубраимов-телефон аркылуу макулдашкан, А.Бекназаров, Т.Айтбаев, И.Масалиев, А.Проненко, Р.Отунбаева, Д.Үсөнов, И.Кадырбеков, И.Исаков, А.Муралиев, Досбол Нур уулу, Б.Асанов, Ж.Рустенбеков кол койгон документти көчүрүп басты. Акүйдүн 7-кабатында кабыл алынган келишим 7 пункттан турат.
Мына ушул 7 пункт аткарылдыбы? Гезит келишимге кол койгондордун айрымдарына кайрылганда А.Бекназаров, келишимдин максаты Бакиевди ооздуктоо болгонун, ал Ф.Кулов экөө тандем түзөрү менен иниси Жаныш Бакиевди УККнын орунбасар төрагасы кылып, бийлик үйбүлөлүк башкарууга оой баштаганын, ошондо эле президенттин бетине үкөңдү, балаңды токтот деп шарт коюшканын, Бакиев документке кол койбой үч күн качып жүргөнүн, бирок бир күнү кечки саат 7де Акүйдөн кармап, кол койбой эле коеюун деп, анан келишимди эч жакка жарыялабайбыз деп атып араң көндүрүшкөнүн, бирок ошондо эле Бакиевдин түрү бузулуп, Акаевдин жолоюна түшүп, үйбүлөлүк башкарууга баратканын байкашканын баяндап жооп берсе, И. Масалиев”Мен бул келишимге кол койгом. Эң башкысы, революцияга катышкандар бир команда болуп, ошол революциянын идеялары үчүн иштейбиз деген ой болгон” деп, И.Исаков “Бул келшимдин максаты өлкөдөгү биримдик болучу. Ошон үчүн келишимди бетке кармай берген болбойт” деп, М.Ниязов “Эсимде жок. Мен кол койгон эмесмин” деп жооп бергенин жарыялады.
х х х х
Гезит ошондой эле мындан ары элдин итиркейин келтирген саясатчыларды гезитке чыгарып, кемчилигин бетине айтып туралы деп чечтик деп, акыркы айда кайсыл атка минерлер итиркейди көбүрөөк келтиргенин сурап айрым окурмандарга кайрылганда Анвар Артыков “Эң эле итиркейди келтиргени “Ак жолдун” депутаттары, юстиция министри М.Кайыпов, анан З.Курманов”-деп, Дөөлөтбек Шадыбеков “Түптөгү мал катындар менен аны уюштургандар”-деп, Жаныбек Жанызак “”Силер андан көрө Кыргызстанда итиркейди келтирбген саясатчы барбы дебейсиңерби?” деп, Эркинай Черикбаева, “1-Данияр Үсөнов, 2-Адахан Мадумаров, 3-Мелис Эшимканов” деп, депутат Улукбек Ормонов “Түптө тынч жаткан элди козгогон Өмүрбек Текебаев” деп, Асран Айдаралиев, “Эң итиркейди келтирген Зайнидин Курманов, экинчиси Адахан Мадумаров, үчүнчүсү “чегарачы” Саламат Аламанов деп, Орозбек Молдалиев “Феликс Кулов” деп, Алым Токтомушев “Адахан Мадумаровдон өткөн итиркейди келтиргенин таппайсың. Кечээ эле “Эң туура материалды, чындыкты билем десеңер, өкмөттүк гезиттерден окугула, ошол гезиттерден гана табасыңар” деди.
Акаев кезинде өкмөттүк гезиттерди ит ордуна көрбөгөн ошол Мадумаров эмес беле. Сессияда туруп алып “Силерге улуу жаңжал керек болсо, бизге улуу келечектүү Кыргызстан керек” деп артисттенет. Ал сөздү Адахан эмес, Орусияда туруп Столыпин деген айтып чыккан. Айтор Адаханга окшогондор Айтматовдун маңкурттары” деп, куудул Жамбыл Камчиев “Итиркейди келтиргени-бул Каркырадай жерди кармата берген “Ак жол” партиясы” деп, Тилектеш Ишемкулов, “1-Феликс Кулов, 2-Көлдөгү жосуну үчүн Садыр Жапаров” деп, эл акыны Анатай Өмүрканов, “Казак айлында жашаган мас аялдарды өз элине тукурган Кыдыкбек Исаев итиркейди келтирет” деп жооп беришти.
х х х х
“Ааламдаштыруунун, улуттук валюталардын бир өлкөнүн супер валютасына биротоло байланып калгандыгынын бир жаман жагы ушунде экен-эгерде ал өлкөдө кымындай эле финансылык өзгөрүүлөр, чайпалуулар болсо, ал андан ары чырмалышып, дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарын каптап кетет экен” деп макаласын баштаган “Кыргыз туусу” гезити “Убайым менен башталган жыл кандай маанайда аяктайт?” деген суроо коюп, Кыргызстандын экономикалык саясаты жагдайын тууралуу кенен кеп кылды.
х х х х
“Агым” гезити Акаев аялы менен ажырашып өзүнчө үй сатып алып жашап атканын, камакта жаткан И.Кадырбековдун денесин ийлеп салыптыр деген кабар тараганын, экс-депутат Ө. Бабанов буга чейин депутат Ш.Садыбакасовага таандык делген “Кыргызстан АКБ” банкын сатып алганын да маалымдады.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ