Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

10:12 Түркиядагы кыргыз студенттери билим таймашында биринчи орунду жеңип алды


Стамбулда кечээ өткөн Түркияда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин сегизинчи билим Олимпиадасына 26 өлкөнүн студенттери катышкан. Ага Кыргызстандан Стамбул университетинде билим алып жаткан Асылбек Абдрахманов, Курстанбек Маматкулов жана Босфор университетинде окуган Мелис Нурмаматов катышып, үч айлампада өткөн таймашта алдыга чыгышкан. Натыйжада кыргыз студенттери биринчи орунга жетишип, акчалай жана баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Таймашта экинчи орунду Түркмөнстандын, үчүнчү орунду КЭРдин студенттери алышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу кабарлаганын ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.(SM)

XS
SM
MD
LG