Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

КЫТАЙДА КЫРСЫКТЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ОН ЭКИ МИҢГЕ ЖЕТТИ


Кытайдын Сычуан провинциясында кечээки зилзаладан --> http://www.azattyk.org/rubrics/society/ky/2006/10/d0d4a07a-da63-4432-b960-1dd6f7257bcc.asp курман болгондор саны он эки миңге жетти. Бирок алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Мамлекеттик кеңештин премьери Вэн Цзябао кырсык болгон жерге келип, кырдаал өтө кыйын экенин моюнга алды.

Ырасмий бийликтер ырасташкандай, бир эле Мянчжу шаарында он миң киши курман болду. Ал эми зилзаланын чордонунда - Вэнчуан шаарында кырсыктын кесепети кандай болгону алиге чейин тактала элек. Куткаруучулардын алгачкы отряддары шаарга шейшемби күнү араң жетишти. Зилзаланын күчү бул жерде дээрлик сегиз баллга жеткен эле.

“Азыр эң башкысы –адамдарды куткарып калуу керек, бул үчүн бир мүнөттү да текке кетирбөө зарыл, бир мүнөт же бир секунд кечиксек, аман калган адамды же жаш баланы жоготуп алышыбыз мүмкүн”,- деп көрсөттү мамлекеттик кеңештин премьери Вэн Цзябао Дуцзянян шаарында өткөргөн жыйында. Бийликтер ушул шаарда эле уранды астында оң миңдей киши калган болуу керек деп болжолдошууда.

Кыйраканы чыккан шаарлар арасынан Бэйчуандагы жагдай өтө оор. Курман болгондор бу жерде беш миңдей, жабыркагандар он миңдей бар дешет. Күнү-түнү кирпик какпай иштеп жаткан докторлордун бири шашылыш жардамга муктаж адамдар өтө көп экенин, алар башка ооруканаларга бөлүштүрүлүп жатканын кабарлады.

Бийликтер ооруканаларда адистер, дары-дармек жетишпей, өзгөчө кан көп керек болуп жатканын айтышууда. Өкмөт кырсык болгон районго 50 миң солдат жөнөттү. “Мен аларды издөө жана куткаруу иштерин тездетүүнү сурандым, үмүттүн акыркы шооласы өчкүчө бардык аракеттерди көрөбүз”,- деп айтты мамкеңештин премьери.

Өткөн түнү миңдеген адамдар көчөдө түнөп чыгышты. Айрым жерлерде,анын ичинде Сычуандын борбору Чэнду шаарында түнү бою нөшөрлөп жамгыр төктү. “Үйүм кулап калды, ага киргенден заарканып турам”, - деп айтты жергиликтүү тургундардын бири. Экинчиси жетерлик жардам болбой жатканын, кечээ түнү эки ууртам күрүч шоропо беришкенин, бүгүн болсо наар ала электигин айтып, даттанды.

Шейшемби күнү да Сычуанда кайрадан бир нече ирет жер силкинди. Термелүүнүн күчү бул жолу алты баллга жакындап барды.

Дүйнөлүк коомчулук Кытайга шашылыш жардам көрсөткөнгө ыкыласын билдирүүдө. АКШ президенти Жорж Буш кырсыктан курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак азырынча Кытай өкмөтүнөн эч кандай өтүнүч түшө электигин, алар жардам сурар замат керектүү жүктөр жибериле тургандыгын билдирди.

Түштүк Корея, Япония, Британия жана башка өлкөлөр да Кытайга биринчи керектөөдөгү продуктыларды, башка да зарыл жарак-жабдыктарды, дарыгерлер жана куткаруучулар бригадасын жөнөткөнгө шайма-шай экенин ырасташты. Россия кырсык болгон аймактарга шашылыш гуманитардык жүк жөнөттү.

Кытайда соңку отуз жылдан бери мындай күчтүү зилзала боло элек болчу. 1976-жылдагы кырсык 240 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен эле.

XS
SM
MD
LG