Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

16:10 Э.Исаев: И.Кадырбеков сабалган эмес


Юстиция министрлигинин алдындагы жаза өтөө башкармалыгынын башчысы Эрнст Исаев болсо бүгүнкү маалымат жыйынында Ишенбай Кадырбеков абакта сабалганы тууралуу маалыматты четке какты. Анын айтымында, текшерүү учурунда анын денесинде эч кандай тактар аныкталган эмес. Ошондой эле ал өзү да эч ким урбаганы жана эч кандай кысым болбогону тууралуу кат жазып берген. Ишенбай Кадырбековдун адвокаты Вячеслав Лужанский да “Азаттыкка” берген маегинде коргоп жаткан адамы сабалганы тууралуу маалыматты төгүндөп, бирок анын саламаттыгы начар болуп турганын айтты. Кечээ айрым маалымат каражаттары Ишенбай Кадырбеков абакта сабалганы тууралуу маалымат таратышкан эле. (SM)

XS
SM
MD
LG