Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

2010- ЖЫЛДЫН АСМАНЫ КИМДИН ЖЫЛДЫЗЫН ЖАНДЫРАТ?


“2010-жылы боло турган президенттик шайлоо да күн санап жакындоодо. Өлкөнүн эң жогорку кызмат орунуна ким келип олтурат? Курманбек Бакиев кимди мураскерликке дайындап жатты экен? Же экинчи мөөнөттү өзү көздөп турабы? Өлкө чыныгы башкаруучуга, улут лидерине ээ болобу же кайрадан саясый ызы-чуу, кайрадан социалдык опур-топур каптайбы? Балким президент өз ордуна уулу Максимди же иниси Жаныш Бакиевди камдап жатпасын?” Мына ушундай суроо менен мен Акүйдүн экспер-кеңшечиси болуп Акаевга да иштеген, азыр да иштеп жаткан адам кайрылганымда

Ал: “Жо-ок, андай эмес! Саясый айдыңга үйбүлө менен такыр байланышы жок фигура келет. Мамлекет башчысы айрым бир белгилерге байланыштуу 2-мөөнөткө барбайт, анын үстүнө Германияда дарыланып келгени да бул жөн эле ден соолукту чыңап келгендик болгон жок. Алдыдагы шайлоодо президенттик орун үчүн ат салышам деген бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлөт. Албетте, Бакиев деле Ельцин Путинди калтыргандай кылып бирөөн калтырып кетсе жеке өзү үчүн идеалдуу болот эле, бирок андай мураскер боло турган күчтүү лидер Кыргызстан үчүн проблема. Бирок өлкөнү башкара турган жаңы, азыркыларга окшой бербеген инсандын келерине үмүт бар” деп жооп берди. Экөөбүздүн алым-сабагыбыз ушундай болду”, деп башталат “Алиби” гезитинин бүгүнкү санына жарыяланган Ибрагим Рустамбектин “Кыргызстан үчүн кандай башкаруучу жакшыраак?” аттуу орус тилдүү макаласы.

х х х

И. Рустамбек мырза ошентип президенттикке ат салыша тургандардын арасынан бүгүн Р. Жээнбековдун жылдызы жанып келатканын, мындай сейрек келе турган мүмкүндүктү ага бийлик өзү түзүп, “Интерпол” аркылуу издөө салганын шардана кылганын, демек, Р. Жээнбеков үчүн эларалык алкакта пиар кылганга эшик кенен ачылганын, мындайды Равшан мырза да эң сонун түшүнөрүн баяндоо менен саясат талаасында так талашка түшө турган дагы бир фигура катары “Демократиялык биримдик союзу” деп аталган кыймылдын лидери, күч курамдарынын мурдагы чоң чиновиктеринин бири Алик Орозовдун ысмын атап, ал жөнүндө да сөз кылган.

х х х

“Бизде саясый куугунтуктун жаңы толкуну башталды” деп билдирди белгилүү саясатчы Ө. Текебаев ушул эле “Алиби” гезитинин суроолоруна жооп берип жатып. Өмүрбек мырза анын далили катары азыркы кезде АКШда билим алып жүргөн Равшан Жээнбековго издөө жарыяланып, дагы бир экс-депутат, саясатчы Ишенбай Кадырбековдун камакка алынышын мисалга тартат.

х х х

Айрым саясатчылар Равшан Жээнбековго минтип кызматтан кеткенден 5 жылдан кийин иш козголуп жатышынын артында саясый себептер бар деп түкшүмөлдөсө, саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев “Эгер чындап кылмышкер болсо президент аны элчи кылбайле ошол маалда эле камап койсо болот эле да. Эми убакыт өткөн соң “кылмышкер, аны издеп табыш керек” дегени ар кандай суроо туудурат. Менимче бул жерде саясый себептер же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктар бар” деп айтты.

х х х

Гезитке коомдук парламенттин мүчөсү, персоналдык пенсионер Касым Исаевдин макаласы да жарык көрдү. Исаев мырза, Юстиция министри Марат Кайыпов менен убагында үзөңгүлөш иштешкенин, агездеги Акаев бийлигине нааразы бул жигитти жакшы билерин, бирок бүгүн ал башкарып турган министрликти “адилет министрлиги” деп атагандан айбыгып турганын, бийликке жеткенден кийин Марат мырза тез өзгөргөнүн, кээде мурунку бийликке өчөшкөнүн элден чыгарып жатабы деп ойлоп кетерин белгилеп, “азыркы бийликтин акылсыздыгы менен алсыздыгынан жана дайыма калп айтып алдаганынан жадаган эл оппозицияны ээрчип кетпесин деп коркконунан прокурорлору менен сотторун ала чуркап жатпайбы. “Терме тезек, келме кезек” деген эл сөзүн унутпаш керек. Аликбек Жекшенкулов бир маегинде Марат Кайыповго туура эскертүү жасады окшойт: “Эчкимде түбөлүк бийлик болбойт, өлкөнү жана элди ушул абалга жеткиргениңер үчүн эртең бийликтен кеткениңерде эл арасына кантип келесиңер же баарыңар качып кетесиңерби, же эл алдында жооп берериңерге эмитен камданып жатасыңарбы?” деген сөзүн мисалга тартат макаласынын аягында.

х х х

“Дело №...” гезити өзүнүн кумар ойноочу жайлары жок калгансып, эми орус миллардери, Чыгыш Европадагы ушундай компаниянын кожоюну Олег Бойко деп аталган күркүл кумар ойноочу бизнесин Кыргызстанда ача тургандыгын Маскөөдөгү маалымат каражаттары аркылуу жар салганын кабарлады.

х х х

Чакан энергетиканы өнүктүрүү боюнча дирекция түзүлүп, анын башына Бакиевдин тандемдеши Ф. Кулов келгенин маалымдаган гезит “Буга карата силердин оюңар кандай” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылган. Т.Сариев: “Убагында ушул чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча атайын программа болгон, бирок аны өкмөт өзү жок кылып тынган. Дирекциянын түзүлгөнү туура, бирок аны же адистиги, же менеджердиги жок Ф. Кулов эмес, жаш адисттин башкарганы туура болмок. Ортодо чоң акча бар, экөөнүн жаңы тандеми экономикалык жагынан алганда бекем болушу мүмкүн, бирок алардын дагы бир ажырашуусу андан да бешбетер айыгышкан кырдаалда өтүшү мүмкүн” деп, Текебаев: “Саясый атаандаштары Куловдун жылдызынын эл арасында кайрадан жанып чыгуусуна эми эч качан мүмкүндүк бербейт. Анткени “баатырды өлтүрүш үчүн адегенде анын атын өлтүрүш керек” деген элдин накыл кеби бар” деп,А. Жекшенкулов: “Дирекция керек, бирок анын милдети менен максаты түшүнүксүз” деп, Т.Какчекеев: “Мында эч кандай жаман нерсе жок. Саясатта Куловдун багы ачылбады. Анын түпкү максаты президент болуу эле, анысы ишке ашпады. Партиясы бар адам анысын акчасыз алга жылдыра алмак беле” деп, Н.Омаров: “Мунун себеби саясат ээринен шыпырылып түшкөн Куловдун кайрадан ошол майданга келүүгө кылган аракети. Ал эми бийликтин максаты болсо Куловду оппозициядан биротоло четтетүү” деп,Б. Бешимов: “Кыргызстан үчүн чакан жана орто ГЭСтер өтө манилүү. Эң башкысы ушул долбоордун андан ары иштеп кетишинде жатат. Ал эми биздин эле арада жүргөн оппозиция лидери аталгандардын кээ бирөөлөрүнүн кармана турган жээги да жок, кимиси кайсы жээкте жүргөнү билинбегендер бар” деп жооп берген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG