Акын жана жазуучу Жыпар Исабаеванын “Жыландын сүйүүсү”, “Махабат мазары”, “Адашкандар”, “Тагдыр жана сыйкыр” поэзия жана проза китептери жарыкка чыккан.
Акындын эртең кыргыз телерадиосунун концерттик залында өтө турган поэзия кечесинде акын ырларынан окуп, акындын обондуу ырлары ырчылар Саламат Садыкованын, Каныкей Эралиеванын, Гүлнара Кахарованын, Асел Турдалиеванын жана башкалардын катышуусунда аткарылмакчы:
Жыпар Исабаеванын мына ушул кечеде “Тилдегиле жаман чыкса ырларым” аттуу ырын окуйт:
-Мени чексиз бактылуу деп тааныңар,
Ооба, анткени менде бүгүн баары бар.
Поэзия, жаштык, сүйүү, жакшы ойлор,
Жакындарым, мына силер баарыңар...
Эмнегедир эргип мынча ыр жаным,
Менин бүгүн келип турат ырдагым,
А силердин ар бириңдин акың бар,
Тилдегиле, жаман чыкса ырларым.
Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуев Жыпар Исабаеванын чыгармачылыгына көптөн бери назар салып келет:
-Жыпар Исабаева поэзия менен кошо прозада да тынымсыз иштеп келатат. Анын чыгармалары бүгүнкү турмуштан алынгандыгы менен баалуу.
Жыпар Исабаеванын прозаларында айрыкча эгемен жылдар ичиндеги Кыргызстандын турмушунан алынып жазылган адам тагдырлары басымдуу. Анын жакын арада жарыкка чыгып отурган “Тагдыр жана сыйкыр” повести да бүгүнкү күндө жашап жаткан адамдын тагдырынан алынган:
Бул чыгармам бүгүнкү күндө жашап жаткан бир аялдын тагдырынан – оор балалык чагынан, көп кыйынчылыктарды кечирген бүгүнкү тагдырынан алынып жазылды. Ал аял: балким менин тагдырымды жазсаң, жаштарга сабак болор беле деп кайрылган эле...
Жыпар Исабаева эми алдыда чет жактарда иштеп жүргөн кыргыз мигранттары тууралуу чыгарма жаратмакчы:
-Эртеңки чыгармачылык кечемди өткөрүп алсам, анан көптөн бери жүрөгүмдү өйүп жашап келаткан ушул кыргыз мигранттары жөнүндөгү чыгармамды баштасамбы деп белсенип турам.