Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

11:42 Кыргызстан менен Литва Бишкекте бир катар келишимдерди түзүштү


Кечээ Кыргызстанга расмий сапар менен келген Литва премьер министри Гедиминас Киркилас менен Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов бүгүн өкмөт үйүндө кеңири чөйрөдө жолугушту. Жолугушуунун соңунда тараптар
Инвестицияны кеңейтүү жана коргоо, кош салыкты болтурбоо, коопсуздук жана коргонуу тармагында кызматташтык жөнүндөгү келишимдерди түзүштү.
Өкмөт башчылар соода-экономикалык, айыл чарба, кайра иштетүү, туризм жана курулуш тармактарында кызматташууну макулдашты.Литва премьер министринин айтымында эки өлкө эл аралык алкакта да кызматташат жана Литва Кыргызстандын суу-энергетика комплексин өнүктүрүү, суу академиясын түзүү демилгесин колдойт. Литва премьер министри Гедиминас Киркиластын Кыргызстан сапары бүгүн аяктап, кечке маал мекенине кайтаары күтүлүүдө. Бишкекке кечээ келген Литва өкмөт башчысын кечээ кечинде президент Курманбек Бакиев кабыл алган. (BuS)

XS
SM
MD
LG