Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА КАЛМУРАТ САДИЕВГЕ КАРШЫ ИШ СОТТО КАРАЛЫП БАШТАДЫ


14-майда Бишкек гарнизондук аскер соту Жалалабатта ички иштер министринин мурдагы орунбасары Калмурат Садиевге байланыштуу кылмыш ишин талкуулоого киришти. Ал Аксы окуясы боюнча кызмат абалынан пайдаланган деген айып боюнча сурак берип, 18-майдын түнүндө каза болгон Элдияр Үмөталиев аттуу жигиттин өлүмүнө тиешеси жок экендигин айтып берди. Соттун башталышында анын атасы иш менен тааныш эместигине байланыштуу сот залынан чыгып кетти. Сотко жабырлануучулардын адвокаты да катышкан жок

Кечээ Жалалабатта республикалык аскер жана Бишкек гарнизондук соттору ички иштер министринин мурдагы орунбасарлары Калмурат Садиев менен Садырбек Дубанаев, облмилиция башчысы Кубаныч Токобаев жана облпрокурор Зоотбек Кудайбергеновго байланыштуу иштерди кароону улантышты.

Республикалык аскер сотунун судьясы Тилек Абдрашитов үч адамга байланыштуу 43 томдук иш каралып, 12 видеотасма көрсөтүлгөн соң, 15-майда жарыш сөз башталаарын билдирди. 2002-жылдын 18-мартында уулу октон өлгөн Анарбай Үмөталиев адвокаты менен күбөлөр жоктугуна, иш менен таанышпаганына байланыштуу Бишкек гарнизондук соттун ишине катышуудан баш тартты:

- Мен али иш менен танышкан эмесмин, күнөөлүү ким экенин да билбейм. Мен сотко катыша албайм. Эгерде менин адвокатым, күбөлөр болсо толук катышам. Мен 2002-жылкы биринчи гана иш менен өзүм КГБга келип таанышкам. Өзүңөр билгендей кылып чече бергиле, мен катыша албайм. Ондон ашык күбөлөр бар да.

Адвокат Нурлан Ажибеков Садиевдин мекен алдында өтөгөн кызматын белгилеп, анын ишин адилет териштирүүнү өтүнгөн 33 депутат менен 894 адамдын кайрылуусун сотко тапшырып, окуя маалында Аксынын милициясында камалган азыркы Акыйкатчы Турсунбек Акундун Садиевдин ишмердүүлүгүнө берген баасы тууралуy гезиттеги жоопторун окуду.

Аскер прокурору Акылбек Абдраевдин угузган айыбына ылайык Калмурат Садиев күтүү позициясында болуу менен кылмыш кодексинин 304-беренесине ылайык кылмыш жасаган:

- Садиев жарандардын коопсуздугун сактоодо конкреттүү иш-аракеттерди көргөн эмес. Натыйжада 18-марттын кечинде аныкталбаган куралдан чыккан октон улам Элдияр Үмөталиев аттуу жаран ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон.

Кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталган милициянын генералы Калмурат Садиев милдеттүү болбосо да, министр Акматалиев ага 17-мартта кечинде Аксыга баруу буйругун берген. Ал прокурор койгон айыптарды четке какты. Райондо октон адамдар өлгөнүн Жалалабатка келгенде угуп, Кербендеги милиция имаратына ок атылганын, бирок ал башкарган жоокерлерде курал болбогондугун, тартип сакчылары ага ишенгендигин билдирди:

-Жолдош генерал биз шейит болуп өлүп калсак, биздин балдарыбызды унута көрбөңүз деген. Мен аттым, силер бир нерсе болсоңор, мен турам. Сураныч эч кандай ызы-чуу чыгарбагыла деп. Мен күтүү позициясында эмес активдүү позицияда тургам. Кандын көп төгүлүшүнө жол койгон жокмун, - деп айтты ал.

Жабырлануучулар Аксы окуясына адилет баа берилип, күнөөлүүлөр өз жазасын алаарына ишенбей калды.

- Аксы окуясы боюнча эч ким өзүнүн баасын алган жок али. 6-7 адам жөн эле өлүп калган жок. Ага кимдир бирөөлөр күнөөлүү. Укуктук мамлекет болгондон кийин күнөөлүүлөр эртедир-кечтир жазасын алыш керек. Тыянак чыкпагандан кийин ишеним деле кетип калды. Баары бир Аксы окуясына акырына чыкпайт окшойт, эч ким жоопко тартылбайт окшойт деген ойдо калды эл, - деди райондун Карасуу айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыркул Өмүрбеков.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG