Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:45

БАШ КАЛКА СУРАП КЕЛГЕН ӨЗБЕК ЖАРАНДАРЫН КЫРГЫЗСТАН ЖАЗАЛАП ЖАТАТ


Кыргызстандын чегарасынан мыйзамсыз өткөн деп 4 жылга кесилген Эркин Холиков Оштогу абакта жазасын өтөп жаткан жеринен 14-майда Ата Мекенине кайтарылып берилди. Жергиликтүү укук коргоочулар Кыргызстан адаттагыдай башкалка издеген инсанды коргоонун ордуна дүйнөлүк нормаларды бузду деп кабатырланса, Баш прокуратура өкүлү эл аралык келишимди гана аткардык деп алаканын жаюуда.

Оштогу №5-абактын башчысы Галбай Пратов билдиргенине караганда, Өзбекстандын жараны Эркин Холиков Сузак районунун аймагын мыйзамсыз түрдө кесип өткөн деп айыпталып, ушу жылдын 6-мартында 4 жылга кесилген. Кийинчерээк Жалалабаттан Оштогу түрмөгө которулган. Ага Адилет министрлигинин жаза өтөө башкармалыгы атайын тапшырма бергендиктен, 14-майда соттолуучуну Өзбекстандын Каршы шаарынан келген ички иштер кызматкерлеринин колуна тапшырган. Анын оюнча, Холиковдун Анжиян окуясына тиешеси жок, бирок башка кылмыштары болушу ыктымал:

- Бул киши мурун Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан изделип жүргөн адам экен. Андай болбосо мыйзамсыз биздин чегараны басып өтпөйт эле го. Эгерде бул Ажниян окуясына байланыштуу болгондо анжиандыктар алып кетиш керек эле да, азыр аны Кашкадарыя облусунан келип Кашка шаарына алып кетишти, - дейт Галбай Пратов.

Ал эми Кыргызстандын Баш прокуратурасынын эл аралык байланыштарды камсыздоо башкармалыгынын башчысы Эмил Алымовдун айтымында, Өзбекстан Баш прокуратурасы Эркин Холиковду өткөрүп берүүнү суранып ал соттоло электе жана кесилгенден кийин да расмий кайрылган. Ошондуктан, эл аралык келишимдерге ылайык Кыргызстан Холиковду өз Мекенине экстрадациялоого март айында эле макулдугун берген.

Жактоочу Садыкжан Махмудов менен байланышканыбызда, Холиков өмүрүнө коркунуч туулгандыктан, качкын макамын суранып Кыргызстандын миграция комитетине кайрылгандыгын, тилекке каршы өтүнүчү канаттандырылбагандыгын билдирди. Ошол себептүү Өзбекстан аны өзүнө кайтарып, эми мойнуна жасабаган айыптарды тагаарын кошумчалады.

Оштук укук коргоочу Абай Эшмаматов Кыргызстан адам укугун урматтабаган өлкөгө айлангандыгына, эл аралык милдеттенмелерин аткарбагандыгына, дүйнөлүк коомчулук арасында бедели улам ылдыйлап бараткандыгына кабатырланды:

- Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө катары эл аралык конвенцияларга кол коюп мүчө болуп келген. Ошондой болсок дагы бизде маселен БУУнун атайын качкын статусун алган адамдар соттолуп атат. Ошондой эле Өзбекстан тараптан өтүп келген качкындарды кайра кайтарып берүү менен биздин өлкөбүз адам укугун басмырлаган, жанагыдай өзүнүн кол койгон конвенцияларын аткарбаган өлкө катары эл аралык чөйрөдө аброюна шек келтирип, көлөкө түшүрүп алып атат, - дейт маектешибиз Абай Эшмаматов.

XS
SM
MD
LG