Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

ФУТЗАЛ: БАНГКОКТО КЫРГЫЗСТАН ЖАРЫМ ФИНАЛГА ЧЫГА АЛБАЙ КАЛДЫ


Бул күндөрү Тайланд өлкөсүнүн борбору Бангкок шаарында футзал --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/05/9664820F-C225-4378-94D2-3A288205C658.asp боюнча Азиянын чемпионатында тандалган 16 мамлекеттин командалары чемпиондук үчүн күч сынашып жатышат. Кечээ 15-майда чейрек финалда Кыргызстандын командасы Жапониянын футболчуларына 4:0 эсебинде жеңилип, байгелүү орунга талапкердин бири болбой калды.

Кечээ 15-майда Бангкокто футзал боюнча Азиянын чемпионатынын чейрек финалдык беттешүүлөр болду.

Мында чейрек финалга чыккан 8 команда беттешип, талаа ээлери тайланддыктар австралиялыктарды 5:2 эсебинде утуп, жарым финалда ойномок болду.

Чейрек финалдын экинчи беттешүүсүндө Өзбекстандын командасын кытайлык футболчулар 4:1 эсебинде жеңип, Азия футзалынын сенсациясын жаратышты.

Чейрек финалдын үчүнчү оюну Жапония менен Кыргызстандын командаларынын ортосунда болуп, кыргызстандык жигиттер канчалык аракет кылышканы менен майнап чыкпай, даярдыгы мыкты жапондуктар 4:0 эсебинде жеңип, Бразилияда күзүндө өтүүчү футзал боюнча дүйнө чемпионатына жолу ачылды.

Ал эми чейрек финалдын төртүнчү беттешүүсүндө Азиянын сегиз жолку чемпиону Иран өлкөсүнүн футболчулары Ливандыктарды 9:1 эсебинде жеңип алуу менен жарым финалдык таймашууга чыгышты.

Мурдакы жылкы Азия чемпиону, былтыркы күмүш байге ээси жапондуктар менен Кыргызстандын футболчулары чейрек финалдык беттешүүсү тууралуу өлкөнүн футзал ассоциациясынын жетекчилеринин бири Медет Букуев өкмөттөн футзалга каражат бөлүнбөгөнүн, бул спортко мамлекеттик деңгээлде колдоо керектигин билдирди.

-Оюндун биринчи таймында жапондуктар эсепти ачып, экинчи таймда кыргызстандыктардын үстөккө-босток чабуулунан натыйжа чыкпады. Натыйжада 4:0 эсебинде жапондуктар жеңишке жетишүү менен алар Бразилияда өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алышты. 2005-жылы Вьетнамда өткөн Азия чемпионатында дагы ушундай көрүнүш кайталанып, жарым финалда кыргызстандыктар жапондорго утулуп, финалга чыкпай арманда калышкан. Былтыр дагы жапондорго жарым финалдык беттешүүдө 1:0 эсебинде жеңилип калган элек. Эми жапондорго теңелүү кыйын. Аларга өкмөттүк деңгээлде шарт түзүлгөн. Бизде футзалга өкмөттөн бир тыйын да каражат бөлүнбөйт. Демөөрчүлөрдүн деми, жардамы менен гана футзал командабыз кармалып турат.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун айтымында, өлкөдө футзалдын таасири артып, Азиядагы мыкты команданын катарына кошулганы менен эл аралык деңгээлде бир дагы зал, имарат жок.

-Чейрек финалдагы биздин аттаандаш эң күчтүү Жапон өлкөсүнүн командасы болду. Алардын 7-8 оюнчусу Европанын мыкты клубдарында ойнойт. Жапондор мурдагы жылы Азия чемпиону болушкан. Былтыр да өз жеринде финалда ирандыктарга утулуп, күмүш байгелүү болгон. Аларга түзүлгөн шарт менен бизден жагдайды салыштырууга мүмкүн эмес. Жылына Жапония Ирандын атаандашы болуп келүүдө. Быйыл дагы ушундай көрүнүш кайталанып, бул эки күчтүү команда жарым финалда бүгүн ойномок болду.

Кыргызстанда Футзал ассоциациясы түзүлгөнүнө быйыл 11 жыл болот. Ошондон бери өлкөнүн чемпионаты үзбөй өткөрүлүп, бул спортко кызыгуу артып баратат.

Кыргызстандык мыкты оюнчу Нуржан Жетибаев Азия чемпионатынын мыкты футболчуларынын катарында аталып, Азия континентинин тандалма командасынын катарындагы мыкты оюнчунун бири болду.

Ошентип 11-майдан 18-майга чейин Бангкокто футзал боюнча Азиянын чемпионатынын беттешүүлөр болууда.

Футзал боюнча Азия чемпионатында 16 команда 4 топко бөлүнүп, адистердин айтымында, курч таймашуулар өтүүдө.

“А” тобунда 11-майда Кыргызстан Индонезия менен беттешип, мында кыргызстандык чабуулчу Нуржан Жетибаев 5 жолу топту атаандаштардын дарбазасына таамай тээп киргизди. Ошондой эле чабуулчулар Марат Думанаев, Азамат Меңдибаев жана Данияр Абдраимов да айырмаланган.

12-майда кыргызстандыктар Ирактын футболчулары менен мөрөй талашып, натыйжада 8:0 эсебинде кыргызстандык жигиттер жеңишке жетишип, чейрек финалга чыгышкан.

Ал эми 13-майда кыргызстандык футболчулар талаа ээлери Тайланд менен таймашууга чыгып, мында 4:1 эсебинде тайландыктарга алдырып коюшкан.

Бангкокто Азия чемпионатына катышып жаткан Кыргызстандын футзал командасынын катарында 16 жигит өлкө намысын коргоду. Кыргызстандык мыкты оюнчулар Марат Думанаев, Нуржан Жетибаев, Таалайбек Жуматаев, Дилшат Кадыров, Евгений Малинин жана Данияр Абдраимов Азия чемпионатында айырмаланып, атаандаштарына топ киргизип, футбол адистеринин көңүлүн бурду.

Эми бүгүн 16-май күнү кечинде Бангкокто жарым финалдык беттешүүлөр болот. Жарым финалда Азия вице-чемпиону Жапония менен Азиянын сегиз жолку чемпиону Иран мамлекеттеринин командалары беттешет. Ал эми экинчи жарым финалда талаа ээлери Тайланд өлкөсүнүн спортчулары кытайлыктар менен бетешет.

Эми Азия чемпиондугу үчүн футзалдын финалдык таймашуусу да 18-майда кечинде өткөрүлүп, жеңүүчү аныкталат.

Эсиңерге сала кетели: Нуртазин Жетибаев жетектеген кыргызстандык футболчулар былтыр Жапонияда, жарым финалга чыгуу таймашында жапондорго 1:0 эсебинде жеңилип калган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG