Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

КЫРГЫЗСТАН КАРЫШКЫРЛАР ЧӨГӨРГӨН ТӨӨГӨ АЙЛАНАБЫ?


“Аалам” гезитине белгилүү экономист Сапар Орозбаковдун “Өкмөт энергетиканы пакеттеп сатууга киришти” деген макаласы жарыяланды. Мына ушул маселеге токтолгон автор, энергоишканаларын сатып алууга кызыккандар деп казакстандык ишкер Машкевичтин Евроазиялык өнөржай ассоциациясы менен катар РАО “ЕС России” жана америкалык АС компанияларынын аттары аталганын эске салып, “Александр Машкевичтин таланттуу бизнесмен экендигинен менин күмөнүм жок. Бирок Кулов айткандай, анын туулган жериме жардам берем дегенде эки көзү төрт экени, энергетиканы ошон үчүн гана алып жатканы чоң шек туудурат. Ал дүйнөнүн эң чоң миллиардерлеринин катарына кантип киргенин кийинчерээк айтып берсемби деген оюм бар. Азырынча ал бизнесин Бриштейндин мектебинен баштаганын эскертип коймокчумун” дейт.

х х х

С. Орозбаков сөзүн андан ары улантып, “Учурунда 5 банк казактарга сатылган. Казак банктарынын капиталы Кыргызстандын банк секторунун жарымынан көбүн түзөт. Ошондой эле күйүүчү май куйган жана сактаган жайлардын көбүн чиновниктер бир эле компанияга - “НК-Альянска” сатып жиберишкен. Анын мураскери Орусиянын “Газпром-нефть-Азиясы”- бул тармакта бүгүн монополист. Бир эле күн май келбей койсо бүтүндөй Кыргыз мамлекети бир адамга, болгондо да бир эле компаниянын деректирине чөгөлөп берет. Эми “Түндүкэлектро” бөлүштүрүү компаниясын, Бишкек ТЭЦин жана Бишкек жылуулук тармагынын баарын кошуп туруп бир эле кишиге сатабыз деп жатышат. Ага Камбар Атаны да бергени жатышат. Биздин бийликтегилер мындай нерсе өлкөнүн коопсуздугу үчүн коркунучтуу экенин билишпейби же аларга баары бирби?” деп жазды.

х х х

“Агым” гезитине берген интервьюсунда депутат К.Исабеков мурдагы өкмөт башчыларынын бири Н.Танаевге “Центерранын” бир катар акциялары таандык, аны чыккынчы деп айтууга негиз бар” деген оюн айтса, буга каяша кылган экс-премьердин уулу Александр Танаев “Центеррада” Кубанычбек мырза айткан Н.Танаевдин эч кандай акциясы жоктугун, эгер спикердин орунбасары акциясы бар дегенди далилдеген документти таап берсе аны Исабековдун биотуалет бизнесине алмашарын билдирди.
х х х

Ушул эле гезит “өткөндө “Бизде чегирткелерди коррупционерлер коргошот” деген макала басып, анда кыргыздын лөкүйгөн үч аткаминери айдоо аянттарын менчиктеп алганын кабарлаганын, анан ошолордун өзүлөрү менен байланышып, ойлорун угалы деп, президенттин кеңешчиси Ү.Сыдыковго чалса жардамчысы анын бир жумага ишке чыкпай тургандыгын айтып, А. Жапаровдун жардамчысы телефон номурун алган бойдон кабарсыз жок болгонун, анан үчүнчүсү М.Султановдун эки телефонунун экөө тең жооп бербегенин баяндап келип... кыскасы, Чоң Чүй каналынын астында үрөн сепсе, иштетсе мол түшүм бере турган кара топурактуу жерди үчөө менчиктеп алышканын, кайран жер кагырап айдалбай жатканын, Аламүдүн райакими Саматбек Керимкулов болсо “Бул үчөөнө жериңерди айдагыла деп кантип айтат элем” деп ийинин куушуруп олтурганын ачыкка чыгарды.



Мындан тышкары азыркы транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановдун Акаев тушунда 100 миллиондогон долларларды кантип кайсап салганын эмдиги санында жарыя кыларын билдирип, “Кумтөр” алтын кени боюнча ошол кенди ачкан адистердин бири, геология-минерология илиминин доктору, профессор Кубат Осмонбетовдон алтын кенине байланыштуу суроолорго алган жообун жарыялады.
х х х

“Эл бийликтин куралы менен кулуна айланганын-Түп окуясы ачык көрсөтүп койду. Болот Шерниязовго окшогон жигиттерди сакташыбыз керек. Андай азаматтардан кыргыздын душманын жасоо түркөйлүк. Эмне Каркыра түптүктөрдүн жеке менчиги бекен же жумуртка ыргытып жүргөн 5-6 адамга тиешелүү бекен? Каркыра кыргыздыкы. Каркыра эмес, казактын өзү да кыргыздан чыккан. Бул тарых. Казак баурдастар өз тарыхын канчалык жазбасын, кайдан издебесин, тарых чындыгы ошо. Ал эми кыргыз өзүн сыйлай албайт. Башка элди карагылачы, кыргыз бийлигине окшоп Кыргыздын Бүтүндүгүнө, Элине, Жерине, Мамлекеттүүлүгүнө күйгөн жигиттерин качан көпкөн балдар менен ажаан катындардын колуна салып берди эле?” деп баяндады “Үшкүрүк” деген рубрика алдында жарыкка чыккан макаласында “Кыргыз руху” гезити.

х х х


Ушул эле гезит акыркы кездери кыргыз жарандарын удаа-удаа өлтүрүүгө барган Орусиялык такыр баштарды же улутчул фащисттерди атайын жалдагандардын бири экс-президенттин уулу Айдар Акаев деген сөз тарай баштаганын, азыркы күндө Боха деп аталган жигиттин тобу анын сары изине чөп салып жүргөнүн да кабаралды.



“Акаевдин тушунда башталган талап-тоноо арааны азыр деле андагыдан кем эмес темп менен арыш керип жаткандыгына күбө болуудабыз. Буга мисал катары Бишкектин Ата Түрк паркында же Ала Арча каналын бойлой түшкөн 144 ак сарай үйлөрдү келтирсек болот. Алардын баары бийлик башында жүргөн Апас Жумагуловдон тартып, аттуу баштуу аткаминерлердики экен” деп жазды “Кыргыз туусу“ гезити 1-беттен баштаган “Каргыш өтпөгөн карышкырлар” аттуу макаласында.



“Жаңы ордо” гезити болсо 1-беттеги мкаласын “Масиров башында турган 6 аким Токтогул көлүнө паром курчубуз деп өкмөттөн 600 миң сом алып, аны 94-жылы эле ашап койгон. Бүгүн ошол кездеги 6 аким алты жерде аман-соо эл башкарып олтурушат, ана башчысы губернатор Масиров. 600 миң сом ошондо соолуса, бүгүн Токтогул көлү соолуп баратат деп, Тагаев, Пазылов, Кутманов, Осмонкуловдун айланасында аңгеме салды “Паромщик” губернатор же Кошбай Масировдун бейнесине сүртүмдөр” дегенинде.
х х х

“Акыркы мезгилде башка бирөөнүн мүлкүн, ишканасын, банкын тартып алмай же батыштын модалуу сөзү менен айтканда рейдерлик күч алды. “Ысык-Көл”, “Кыргызөнөржайбанкы” сыяктуу банктар, бир нече жеке менчик телерадиокомпаниялар менен байлашнышкан окуялар бизде мыйзамдуу түрдө бир колдон экинчисине өтүүгө караганда рейдерлик көрүнүштү көбүрөөк эске салат” деди “Жаңы кылым” гезити “Эл жакырланып жатканда чиновниктерибиздин баюусу эмнеге алып келет?” деген макаласы аркылуу.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG