Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

АКСЫ СОТУ: ӨКҮМ 20-МАЙДА УГУЗУЛАТ


Аксы окуясын Жалалабатта териштирип жаткан республикалык аскер соту өз өкүмүн 20-майда угуза турган болду. Соттун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/17F10E0D-D549-42A9-8745-937EF0370795.ASP бүгүнкү кеңешмесинде мамлекеттик айыптоочулар, соттолуучулар менен алардын жактоочулары жарыш сөз сүйлөштү. Бишкек гарнизондук аскер сотунун өкүмүн жокко чыгарууну талап кылган соттолуучулар өздөрүнүн акыркы сөздөрүндө акыйкат өкүм чыгарып, актоо жагын өтүнүштү. Башкы прокуратуранын өкүлү ички иштер министринин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаевди 7 жылга, облустун экс прокурору Зоотбек Кудайбергенов менен облустун мурунку ички иштер башкармасынын башчысы Кубаныч Токобаевдин ар бирин 5 жылдан эркинен ажыратып, камакка алууну соттон суранды. Коюлган айыптарды четке каккан соттоолуучулар актоо өкүмүн чыгарууну өтүнүштү. Мурдагыдай эле аксылык жабырлануучулар менен алардын адвокаты жана коомдук жактоочулары сотко катышкан жок.

Башкы прокуратуранын өкүлү Арстан Аракеев Бишкек гарнизондук аскер сотунун өкүмүн жокко чыгарып, соттолуучуларга күчөтүлгөн жаза чектөө жөнүндөгү аксылык жабырлануучулардын адвокатынын доо арызын канааттандырууну соттон өтүндү. Анын белгилешинче ички иштер министринин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаев, облмилициянын башчысы Кубаныч Токобаев Аксыга барбай, коомдук тартипти сактоого аракет кылбаган. Дубанаев жогорку бийликке маалымат берүү менен чектелип, Токобаев 2002-жылдын 17-мартында “Тайфун” операциясын киргизүү буйругун Дубанаевге жиберүү менен кызмат абалынан пайдаланган. Ал республикалык аскер сотунан Дубанаевди 7 жылга соттоо жагын өтүндү:

- Дубанаевге жети жыл эркинен ажыратуу жаза чектелсин. КР жаза кодексинин 305-статьясынын 2-бөлүгүнүн 5-пункту боюнча Кудайбергенов үй-мүлкүн канфискалоо менен, ага 5 жыл эркинен ажыратуу жаза чектелсин. Ага карата бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот тарабынан камакка алынсын. Соттолуучу Токобаев Кубанычбек Асакеевич КР кылмыш жаза кодексинин 304-статьясынын 2-бөлүгү менен жана 315-статьялар менен күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн канфискалоо менен 5 жылга эркинен ажыратуу жаза чектелип, укук коргоо системасындагы кызматын ээлөө укугунан ажыратылсын.

Аскер прокуратурасынын өкүлү Таалайбек Абдыкеримов эксоблпрокурор Зоотбек Кудайбергеновдун Аксы район прокурору менен Бекназаровдун соту жүрүп жаткан Токтогул районуна барган тартип сакчыларына мыйзамсыз көрсөтмөлөрдү бергендигин белгиледи. Анын баяны боюнча алты жыл мурда прокуратура жана тартип кызматчылары районго келаткан алдын тосуп жана мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү менен алардын мыйзамдык укуктарын бузушкан:

- Бекназаровдун тарапкерлерине катуу чараларды колдонууну Аксы районунун прокурору Калдаров тарабынан талап кылынган. Бул аракеттер атуулдардын укук жана эркиндиктерин кордоого алып келип, элдин бийликке болгон нааразычылыгын туудурган. Кудайбергеновдун прокуратурага жана милиция кызматкерлерине катуу чараларды көрүү жөнүндө талаптарын жана укукка жат аракеттеринин кесепетинен, оор натыйжалардан сырткары адамдын конституциялык укугу жана эркиндиктери, митингдерди, демонстрация, пикеттерди өткөрүү укуктары бузулган.

Облпрокуратуранын өкүлү Алишер Султановдун сөзүнө ылайык Токобаевден 17-март күнү түшкү саат бир жарымда курал берилсин деп кыйыр буйрук алганын анын Аксыда жүргөн орунбасары Калбаев 2007-жылдын 29-майындагы көрсөтмөсүндө жазып берген:

- Ал жердеги абалды Токобевге баяндаганда, Токобаев орунбасары Калбаевге жана Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Кулуевге жүрүшкө чыккан элди райондун борбору Кербенге келтирбөө үчүн алардын астын тосуп чыгууга жана милициянын атайын даярдалган кызматкерлерине жана башка кызматкерлерге ок атылуучу куралдарды ок дарылар менен берүүгө буйрук берген.

Бирок мындай дооматтарга соттолуучулар менен адвокаттар макул болгон жок. Адвокат Асек Кабаев өз коргоосундагы Кудайбергенов менен Токобаевди актоо керектигин белгиледи:

- Кудайбергенов көрсөтмө берген, талап кылган деген гана фразалар колдонулду. Талап кылып закондун чегинде чара көргүлө деген ал прокурордун кызматтык милдети. Бекназаровдун күнөөсү далилденип, ага карата чыгарылган айыптоо өкүмү Кудайбергеновдун аракетинин туура экендигин далилдеп турат. Аксыга барбаганы да күнөө болобу. Аксыга Токобаев барганда абал өзгөрүп кетмек эмес. Абалды өзгөртүү бул Бекназаровду боштондукка чыгаруу жөнүндөгү маселе болчу.

Садырбек Дубанаев министрдин буйругу менен Токтогул районунда болгонун айтып, тартипти сактоого аракет жасабаган деген айыпты четке какты:

- Жогорку Кеңештин 18 депутаты, ошондогу спикери Эркебаев баш болуп кайрылуу жазып, Баш прокуратурага баш чарасын өзгөртүп койгулачы деп атса, биз жазып атсак, анан эч нерсе чечилбесе мен кантип эч нерсе кылган жокмун! Эмне кызыкчылык көздөйт элем бул жерде? Биздин тумар белгибиз болуп калсынчы, Жалалабат эли сыйынып жүргөн жер болсунчу деп дарбазаны куруп бергеним үчүн соттолуп отурамбы. Кантип эле Аксынын гүлгүндөй жигиттери өлүп калсын деп карасанатайлык кылайын.

Соттолуучуларга карата өкүм 20-майда чыгарыла турган болду.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG