Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ: “СТУДЕНТТИК ЖАЗ”


Бул жумада Бишкекте бир катар кыргыз өнөрпоздорунун концерттери өттү. Алардын катарында куудул Санжар Бердибеков да бар. “Атамды көргөн өлбөсүн” деген аталыштагы концерт Санжар мырзанын атасы, белгилүү куудул Манас Бердибековдун жаркын элесине арналды.

14-май күнү УТРКнын концерттик залында акын Жыпар Исабаеванын поэзия кечеси өттү. Кеченин көрөрмандары акындын ыр саптарынан жана обондуу ырларынан тыңдашты. Бул кече менен катар 17-майда жаш акын, Жолдошбай Абдыкалыков атындагы сыйлыктын лауреаты Мирлан Самыйкожо уулунун “Жүрөккө түшкөн чагылган” аттуу алгачкы китебинин бет ачаар аземи болду.



Бишкек шаардык маданият башкармалыгы уюштурган “Студенттик жаз” фестивалы 12-майдан тарта 14-майга чейин орус драма театрында өттү. Ага борбордогу жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Салтка айланган бул маданий иш-чаранын гала концерти келерки жумада өтөөрү күтүлүүдө.

Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сатыбалды Далбаевдын сахнада иштегенине 50 жылдын жүзү болду. Ага карата Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артистери түрк элинин улуу акыны, драматург Назим Хикметтин “Унутулган адам” аттуу пьесасын саханалаштырууда. Аталган театрда мындан 40 жыл мурда коюлган спектаклдин жаңы вариантынын үстүндө эми кыргыз эл артисти Алмаз Сарлыкбеков иштөөдө. Режиссер билдиргендей оюндун бет ачаары июнь айына белгиленүүдө.

Екатеринбургда бул жумада “Жер-биздин жалпы үйүбүз” аттуу балдардын 12-эл аралык фестивалы өттү. Ага 18 өлкөнүн жаш өнөрпоздору катышты. Бул маданий иш-чара Свердлов облусунда 1982-жылдан бери өткөрүлөт. Уюштуруучулардын айтуусунда жылдан-жылга фестивалдын катышуучуларынын саны арбууда.

Якутиянын маданият министри, кинорежиссер Андрей Борисов “Чыңгызхандын сырлары” аттуу тасма жаратты. Фильмдин бет ачаары ноябрь айына белгиленүүдө. Режиссердун айтуусунда ушул эле учурда Кытайда да көрсөтүлөт.

Дүйнөдө алгачкы ирет дүлөй адамдар үчүн кыймыл-аракеттер менен түшүндүрүлгөн опера коюлду. Бул оюн Финляндиянын Тотти театрында тартууланды. Ал эми опера фин жазуучусу Цакариас Топелиустун “Падыша Карлдын аңчылыгы” аттуу чыгармасына коюлду.

Эл аралык Единбург кинофестивалынын программасы жарыяланды. Бул жыла фестивалда 142 фильм көрсөтүлөрү күтүлүүдө. Ал эми 61-Канн эл аралык кинофестивалына 54 толук метраждуу, 26 кыска метраждуу тасма тандалып алынган.

Бул жумада Германияда эл аралык маданий фестиваль өттү. Анда Жапониядан келген театр өнөрпоздору катышып, “Осако күзгүсү” аттуу спектаклин тартуулашты. Маалыматтарга караганда аталган спектаклдин бет ачаары 1745-жылы болгон. Оюндун толук түрү он саатка созулат. Ал эми Германияда өткөн фестивалдын талабына ылайык аны 3 саатка кыскартышкан.

22-майдан-31-майга чейин Москвада 17-“Золотой витязь” эл аралык кинофоруму өтөт. Бул тууралуу кинофорумдун президенти Николай Бурляев кабарлады. Анын айтуусунда Орусияда 2008-жыл “Үйбүлө” жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу кинофорумдун программасына үйбүлө темасын камтыган тасмалар киргизилген.
XS
SM
MD
LG