Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:48

16:00 Дүйнөлүк банк Кыргызстанга ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү үчүн 28 млн доллар бөлүп берет

Глобалдык фонддун СПИД, кургак учук жана безгекке каршы долбоорунун менеджери Т.Субанбаевдин билдиргенине караганда, аталган каражат ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү программасынын VII баскычын ишке ашыруу максатында бөлүнүүдө. Программанын VII баскычына ВИЧ илдети кооптуу делинген өлкөлөрдө- Орусия, Казакстан, Кытайда эмгектенген мигранттар менен иш алып баруу компоненти кошулду. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинин базасында түзүлгөн лабараторияны жакшыртуу, медициналык калдыктарды жок кылуу маселесин чечүү каралган.(MSu)
XS
SM
MD
LG