Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

ЖАЛАЛАБАТ: ЖЕР ИШТЕТҮҮНҮН ЧЫГЫМЫ КӨБӨЙДҮ


Ушул тапта жазгы талаа жумуштары аяктайын деп турган Жалалабат облусунун дыйкандары күйүүчү майлар --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/C7286BFD-8659-4E2B-B26E-2095D10F2802.asp менен дыйканчылыкка зарыл техника бааларынын кымбаттыгына даттанууда. Эмгек миграциясы күчтүү болгондуктан пахта талааларында аялдар менен балдар иштөөдө. Облустук бийликтин жооптуу кызматкери дыйкандардын “өкмөттөн жардам берилбей атат” деген пикирине кошулган жок.

Өкмөт тараптан айыл чарба тармагына көрүлгөн камкордукка дыйкандар канааттанбай келишүүдө. Алардын белгилешинче жер иштетүүгө зарыл болгон каражаттардын бардыгы, атап айтканда: техника, күйүүчү май, минералдык жер семирткич баалары улам кымбаттап баратат.

Ноокен районундагы Жонарык айылынын тургуну Тагай Калдаровдун айтымында дыйкандар күйүүчү майдын литрин 30 сомдон сатып алууга аргасыз жана жаздын кургакчылдыгынан адыр чөптөрү болбой, суунун тартыштыгы азыртадан сезилүүдө. Бир гектар жерди айдап-себүүгө эки жарым-үч миң сомго дейре жумшалган жазгы каражат күзүндө акталабы-жокпу белгисиз.

-Күйүүчү майдын баасы 30-32 сомго чыгып кетти. Бир гектар жерди айдатыш үчүн жалдырап турасың, трактористтин айтканын бересиң. Айдоодон кийин мала дегени болот. Маласы болсо 800-900 сомго чыгып кетти. Аны дагы эктирүү керек. Дыйкан эптеп мал тапса, кийинки жылы ошол торпогун, кунаажынын сатып, жерге жумшап, же торпоктон, же кунаажындан жок ушинтип жалдырап отуруп калып жатат, - дейт Тагай Калдаров.

Аксы, Ноокен, Базаркоргон, Сузак райондорунун чегара аймактарындагы талааларда ишке жараар жаштардын аздыгынан дыйкандар өзбекстандыктардын жардамына муктаж болууда. Коңшу өлкөнүн жардамчылары жол киреси менен тамак-ашынан сырткары киши башына 120 сомдон акы алышат. Эмгек миграциясынын күчтүүлүгүнөн талаада аялдар менен балдар иштөөдө.

Жалалабат шаар тургуну Эргеш Исаковдун баамында, жер иштетүү кирешелүү болбогондуктан көбүрөөк айлыгы бар жумушту Орусия менен Казакстандан издеп кеткен жарандардын агымы азырынча токтоор түрү байкалбайт.

-Биздин өкмөт башчылары бул маселе боюнча жакшы, так чара көрбөй жатышат. Мына азыр көрүп жатасыздар. Орусияга, Казакстанга кетип жатышат .

Жумуштуулук жана миграция боюнча облустук комитеттин билдирүүсүнө ылайык өткөн эки жылда облустун 50 миңден ашык тургуну жакынкы өлкөлөргө иш издеп кетишкен. Облустук бийликтен алган маалыматтарга ылайык ушул тапта жазгы талаа жумуштарынын 80 пайызы бүттү. Тоолуу райондор дан эгиндерин айдоого киришти.

Агрардык өнүктүрүү бөлүм башчысынын орунбасары Жаныбек Осмоналиев дыйкандардын айыл чарбасына көңүл бурулбай жатат деген пикирине кошулган жок. Анын жообу боюнча өкмөттөн бөлүнгөн 1600 тонна күйүүчү май литри 20 сом 50 тыйындан райондорго берилген. Бирок чийки жер майдын баасы дүйнөлүк рынокто кымбаттап жатканда күйүүчү май бааларын токтотуу мүмкүн эмес деп айтты Жаныбек Осмоналиев.

-Дыйкандарга өкмөт тараптан жардам берилбей жатат деген бул туура эмес доомат деп айтабыз. Жер семирткичтин 632 тоннасы өкмөт тараптан дыйкандарга бөлүнүп берилди. Ал толук тартылып алынды. Баасы 7 сом 80 тыйындан. 1600 тонна күйүүчү май бөлүнгөн, 20 сом 50 тыйындан. Жалпы дүйнөлүк масштабдагы күйүүчү майдын баасы өсүп жатат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG