“Ар намыс”партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин БПС маалымат агенттигине билдиргенине караганда, 2010-жылга чейин өлкөдө 92 чакан ГЭС ишке киришип, 39 чакан ГЭС оңдолот. Буларды ишке ашырууга кошуна мамлекеттер негизги инвестор болору айтылууда. Президент Курманбек Бакиев 2-майда чакан ГЭСтерди куруу долбоору боюнча өзүн өзү каржылоочу дирекция түзүп, анын башына “Ар намыс” партиясынын башчысы Феликс Куловду дайындаган. Жардыкта уюштуруу иштерине бир айлык мөөнөт чегерилген. (BuS)